COVID 19

COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө Сертификатты алуу үчүн атайын сервис иштеп баштады

187

COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгүн тастыктоо үчүн сертификатты үйдөн эле, электрондук түрдө алуу үчүн атайын сервис иштей баштады. Бул сервис Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан.
Электрондук сертификат COVID-19га каршы эмдөө алгандыгы тууралуу маалыматты камтыйт жана документти тастыктоо үчүн QR код белгиленген. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан алуу үчүн төмөнкүлөр керек:

►Булут электрондук кол тамга Калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилет.
►eID / ID-карта (2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт).
Сертификат алуу үчүн:
►Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кирип, булут электрондук кол тамгасы менен жана eID / ID-картасы менен катталуу керек;
►Порталдан “Здравоохранение” бөлүмүнө кирип, «Выдача сертификата о вакцинации против COVID-19» кызматын табуу керек;
►Сертификат алуу үчүн «Отправить заявку» кнопкасын басуу сунушталат.
►Электрондук сертификат автоматтык түрдө даяр болот жана аны чыгарууга же pdf форматта документ катары сактап алууга мүмкүн.
►Электрондук сертификатты тастыктоо үчүн QR код белгиленген.

Мындан сырткары, «Реестр вакцинированных» маалыматтык системасындагы модулун иштеп чыгуу аяктоо алдында турат. Бул модуль электрондук түрдө сертификат алууда кыйынчылыкка туш болгон жарандар үчүн саламаттык сактоо мекемелеринен алууга мүмкүнчүлүк берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.