ЖАҢЫЛЫКТАР

Дарыгерлер энелердин күнү менен куттукташты

462

Жыл сайын белгиленүүчү бул майрам быйыл дагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун   төрөт үйүндө  өткөрүлдү.  Иш-чарада  медицина илимдеринин  кандидаты, профессор Раиса Атамбаева, Жогорку Кеңештин депутат айымдары Альфия Самигуллина жана  Махабат Мавлянова баштаган, эл аралык уюмдар менен фонддордун өкүлдөрү,  борбордун дарыгерлери катышышты.  Майрамдын негизги коноктору  – атайын чакырылган апалар болушту.

    Кыргызстандын экс-биринчи айымы Раиса Атамбаева, бардык аялзатын майрамы менен куттуктап, жети кщн, 24 саат бою талыкпаган бир гана кесип – бул энелердин кесиби экенин баса белгиледи.

       Улуттук борбордун  башкы врачы Салтанат Назаралиева: « Биз дарыгербиз, ошол эле учурда энебиз.  Эне –бул ыйык жан.  Өлкөбүздө   энелердин майрамы  атайын өзүнчө күнү белгиленгени, албетте  сүйүнтөт», -деди.

    Энелерди куттуктоо үчүн эстрада жылдыздары Динара Акулова, Айбек Касымов, манасчы Ширин Сарыгулова ыр белектерин тартуулашты.  Андан сырткары, иш-чарага катышкан айымдардын бардыгына Эне жана баланы коргоо улуттук борбору  гүл десте менен бирге  белектерин беришти.  Ал эми, дарыгерлерге   атайын сыйлыктар таратылды.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.