COVID 19

Дарыгерлер менен бейтаптар арасында натыйжалуу байланыш түзүү күчөтүлүүдө

401

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери COVID-19га каршы калкты эмдөөдө туура байланыш түзүү жаатында медицина кызматкерлерине окутууларды өткөрүп жатышат.


Тренинг Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өтүүдө.
COVID-19га каршы эмдөө боюнча тренингдерде ЖДПБ адистерине, элге маалыматты туура жана так жеткирүү боюнча бир топ жаңы ыкмалар үйрөтүлдү.
Райондун медицина кызматкерлеринин айтымында, бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундардын 70%ы COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн.


Эми мед кызматкерлерге жана калкка вакцинанын күчөтүүчү дозасы тууралуу маалыматтар зарыл.
Адамдар аралык баарлашуу боюнча тренингдер дарыгерлерге бейтаптар менен натыйжалуу байланыш түзүүгө жана калктын ден соолугун чыңдоого жардам берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.