COVID 19

Эмдөө – бул ар бир адамдын жана бардыгынын коопсуздугу!

368

Адам эмделген учурда анын белгилүү бир оорудан коргонуу ыктымалдуулугу жогору.

Бирок бардыгы тең эле эмдөө ала алышпайт. Ден соолугунда иммундук системасын алсыздандыруучу бузулуулары бар же вакцинанын айрым компоненттерине күчтүү аллергиясы бар адамдар эмделе алышпайт. Ошондой эле Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдар массалык түрдө COVID-19га каршы эмдөө алышпайт.

Бирок алар бардыгы эмделген адамдардын арасында жашаган учурда коргоодо боло алышат.

Көпчүлүк мүчөлөрү эмделген коомдо патогендин айлануусу кыйын, анткени көпчүлүк адамдар ага туруштук бере алат.

Канчалык көп адам эмделсе, ооруп калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук аз. Бул жамааттык иммунитет деп аталат.

«Жамааттык иммунитет» деген эмне?

Жамааттык иммунитет бул — калктын көпчүлүгүндө иммунитеттин өнүгүүсүнүн жардамы менен келип чыгуучу жугуштуу оорулардан кыйыр коргоо. Ал эмдөөнүн жыйынтыгында же болбосо мурда ооруп айыккан инфекциядан кийин иштелип чыгат.

БДСУ калктын көпчүлүгүн эмдөө аркылуу жамааттык иммунитетке жетишүүнү колдойт.

Коопсуз жана эффективдүү вакциналардын жардамы менен жамааттык иммунитетти камсыз кылуу ооруну кыйла сейрек көрүнүшкө айландырат жана адам өмүрлөрүн жоготуусуз сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Адамдарды вирустун таасирине дуушар кылуу менен жамааттык иммунитетке жетишүү аракеттери илимий көз караштан алганда көйгөйлүү жана этикага жатпайт. Ар кандай курактык топтогу жана ден соолугу ар кандай калк арасында COVID-19дун жайылышы жөнсүз инфекцияларга, азап чегүүлөргө жана өлүмдөргө алып келет.

Улгайган адамдар жана ден соолугунда бузулуулары бар адамдар оор дарттарга жана өлүм тобокелчилигине абдан көп дуушар болушса дагы, жеке эле алар ушундай тобокелчиликке туш болот дегенге болбойт.

*Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен «Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө» (LHSS) долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн «Үй бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси жооптуу, ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.