ЖАҢЫЛЫКТАР

Эми туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйдөн чыкпай эле алса болот

313

“Медициналык күбөлүк” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун үстүнөн 2022-жылдын башынан бери КР Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери иштеп келет. 12-апрелден тарта бул система Бишкекте пилоттук ишке кире баштады.
Максаттуу санариптик саламаттыкты сактоо моделинде бул негизги курал болуп саналат жана бирдиктүү санариптик саламаттыкты сактоо циклиндеги модуль болуп эсептелет. “Медициналык күбөлүк” тутуму саламаттыкты сактоо министрлигинин ички тутуму менен биригет.
Бул портал медициналык адис үчүн иштелип чыккандыктан, тутумга алар гана кире алышат. Система тигил же бул клиникада жаңы бейтаптардын пайда болушун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.


Кантип иштейт?


Төрөт үйлөрү төрөлгөн ымыркай же перинаталдык өлүм тууралуу маалымат берет. Бул маалыматтарды ҮДТ жана ҮМБ дарыгерлери түздөн түз алышат жана каза болгон адамдар жөнүндө маалымат киргизе алышат. Өз кезегинде, патологоанатомдор бул маалыматтарды колдонушат.


Маалыматтык тутумга жетүү учурунда маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жана жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө макулдашууга кол коюлат. Системанын ичиндеги ар бир иш аракет туураланат, ошондуктан тутумдун ичиндеги колдонуучу аларды байкай алат. Ошентип, жетекчилер өз кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөй алат. Жаңы маалымат тутуму пациенттин маалыматтарын киргизүүдө адам факторун минималдаштырууга мүмкүндүк берет.


Маанилүү! Адамдын туулгандыгы тууралуу жана өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктү жасалмалоо мүмкүн эмес. Ал QR-код менен жабдылган, аны сканерлөөдө анын аныктыгын тастыктаган окшош электрондук документ жүктөлөт
Эң кызыгы, жаңы төрөлгөн баланын ата-энеси эми баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн узак КТБ кезектеринде турбашы керек.


Саламаттык сактоо министрлиги системасын пилоттук ишке киргизгенден кийин санариптик өнүктүрүү министрлиги жана “Инфоком” малекеттик ишканасы менен маалымат алмашуу боюнча иш башталат. Медициналык күбөлүктүн жыйынтыгы ЗАГС бөлүмүнө берилет. Анын негизинде жаран электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирип, үйүнө күбөлүк буйуртма кыла алат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.