ЖАҢЫЛЫКТАР

Пресс-анонс: 29-сентябрда карылар күнүнө карата “Жүрөктөн жүрөккө” деп аталган кайрымдуулук жарманкеси өтөт

662

2023-жылдын 29сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген улгайган адамдардын катышуусунда “Жүрөктөн жүрөккө” деп аталган кайрымдуулук жарманкеси өтөт.

Иш-чара Эл аралык улгайгандар күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган жана улгайган адамдардын активдүү узак жашоосун популярдуу кылууга, алардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Иш-чараны «AgeNet International» Эл аралык геронтологиялык тармагы, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, КР Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам көрсөтүү кызматы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу астында уюштурду.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген улгайган адамдардын 40 өз жардам тобунун лидерлери катышат. Жарманкеде улгайган адамдардын колу менен даярдалган кийиз, жүндөн жасалган буюмдар, улуттук сувенир продукциялары коюлат.

Иш-чаранын программасы өзүнө: утпай койбос лоторея, дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүү боюнча чебер-класс, йога боюнча чебер-класс, скандинавиялык басуу, ден соолукту чыңдоочу гимнастика,  жугуштуу эмес оорулар боюнча маалыматтык-билим берүү материалдарынын көргөзмөсү, шахматтык турнир, РДЧжМКБнын адистеринин ден соолук боюнча консультациялары, ошондой эле КР Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам көрсөтүү кызматынын адистеринин юридикалык консультацияларын камтыйт. Иш-чаранын катышуучулары жана меймандары үчүн артисттердин жана өздүк көркөм чыгармачылыгынын таланттуу чыгармачыл жамааттарынын концерти өтөт.

Урматтуу шаарыбыздын тургундары  чоң апаларды жана чоң аталарды колдоо үчүн иш-чарага келиңиздер, сиздердин көңүл бурууңуздар абдан маанилүү!


[i] Маалымат үчүн:

 «AgeNet International» Эл аралык геронтологиялык тармагы 2005-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы картаюу көйгөйлөрү менен алектенген 21 уюмдун демилгеси астында түзүлгөн. 10 өлкө: Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларустагы 53 уюмдан турат. Тармак өзүнө «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» КУ, «ADRA Кыргызстан», КРнын Улуттук Кызыл Ай коому, «Бабушка Эдопшн» ККФ, Кыргызстандын Диабеттик эндокринологиялык ассоциациясы сыяктуу коомдук уюмдарды камтыйт.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.