Балдарга кам көрүү

РДЧжМК борбору “Үй-бүлөдөгү өспүрүмдөр” аталышында чыккан колдонмо боюнча ата-энелерге окутуу жүргүзүүдө

856

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыӊдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери тарабынан “Үй-бүлөдөгү өспүрүмдөр” аталышында  колдонмосун “Ага Хан” фондусунун колдоосу астында пилоттук аймактардагы ата-энелерге окутуу иштери жүргүзүүлүүдө.

“Үй-бүлөдөгү өспүрүмдөр” колдонмосу “Сергек жашоо образы” коомдук фонду тарабынан, “Жоопкерчиликтүү ата-эне” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Бул колдонмонун максаты, ата-энеге балдардын жана өспүрүмдөрдүн өнүгүү маселелери, өспүрүм курактагы психологиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрү, баланын өнүгүүсүндөгү кооптуу белгилерди аныктоо, өспүрүмдүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу боюнча базалык маалымат берүү жана өзүнүн ата-энелик көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле колдонмодо ата-энелерге өспүрүмдөр менен байланышуунун эффективдүү ыкмалары, алар менен ишенимдүү мамилелерди түзүү жана сактоо боюнча кеңештер берилет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.