ЖАҢЫЛЫКТАР

Эне сүтү — жашоонун негизи

355

           2018-жылдын 1-августунда саат 10-00дө Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгына карата  “Кабар” маалыматтык агенттигинде  пресс-конференция өткөрүлөт. Негизги максаты – балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоодо эмчек эмизүүнүн мааниси жана пайдасы тууралуу энелерди маалымат менен камсыздоо.

         Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы 1-7- август аралыгында дүйнөнүн 170 тен ашык өлкөсүндө эмчек эмизүүнү стимулдаштыруу жана балдардын ден соолугун жакшыртуу үчүн өткөрүлөт. Биринчи жолу Эмчек эмизүү жумалыгы 1991-жылы алгачкы 6 айга чейин жалаң гана эмчек эмизүүнү колдоо жана коргоо үчүн өткөрүлгөн.

       2018-жылдын Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгынын урааны: “Эмчек эмизүү – жашоонун негизи”. Бул жумалыкта дүйнө боюнча эмчек эмизүүнү колдоого жана жайылтууга, коргоого арналган иш-чаралар өткөрүлөт.

Эмчек эмизүү- наристелерди жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды керектүү азыктар менен камсыздоодогу эң керектүү ыкма. Ал ымыркайларга пневмония жана диарея (ич өтүү) сыяктуу балдар арасында кеңири таралган оорулардан коргоого жардам бере турган керектүү антитела камтыйт жана коопсуз бардык керектүү азыктарды берет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) ымыркайларга алты ай  толгонго чейин жалаң гана эмчек эмизүүнү андан соң, кошумча тамак берүү менен бирге аны улантууну сунуш кылат. Мындан сырткары, БДСУнун адистери төрөттөн кийинки алгачкы сааттарда балдарды эмизүү керектигин белгилешет.

     Жаңы илимий маалыматтарга таянсак, эмчек эмизүүнүн 100% га жакын көрсөткүчү жылына беш жашка чейинки 820 000 баланын жана 20 000 аялдын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бермек. Мындан сырткары, эгер бардык ымыркайларга эне сүтү берилсе, жок дегенде алты ай, акыл-эс жөндөмдүүлүгү артып жылына глобалдык экономикага кошумча 300 миллиард АКШ долларын алып келмек жана келечекте жогорку кирешени камсыз кылмак. Эмчек эмизүүнүн көрсөткүчүнүн жогорулашы үй-бүлөнүн жана мамлекеттин пневмония, диарея жана астма сыяктуу оорулардан балдарды дарылоого кеткен чыгымын азайтканга мүмкүнчүлүк бермек.

    Кыргызстанда эмчек эмизүүнү колдоо жана коргоо үчүн “Балдардын эмчек эмүүсүн коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу каражаттарынын жана продуктуларынын маркетингин көзөмөлдөө жөнүндөгү” Мыйзамы иштейт. Мыйзам 2008 жылы кабыл алынган.

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги партнерлору жана жарандык коом менен биргеликте ымыркайларды жетиштүү эмизүү саясатын киргизүүдө, тактап айтсак: төрөттөн кийин бир саат аралыгында ымыркайды эмизүү, алгачкы алты айында жалаң гана эмчек сүтү, алты айдан соң балдардын рационуна кошумча тамак киргизүү жана эмчек эмизүүнү улантуу (2 жашка чейин). 2 жашка чейин эмчек эмизүү жана 6 айдан соң жетиштүү кошумча тамактандыруу ымыркайлардын өлүмүн алдын алуудагы эң негизги нерсе. Эмчек эмизүү бир гана балдардын жашоосуна гана жардам бербестен, аялдардын ден соолугуна да туруктуу жакшы таасир берет.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.