ЖАҢЫЛЫКТАР

Энергетикадагы үзгүлтүктөн бейтаптар жабыр тарткан жок.

146

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасындагы кычкылтекке муктаж болгон бейтаптардын абалы жакшы. Бул боюнча медициналык уюмдун жетекчисинин орун басары Айнура Узакбаева билдирди. Анын айтымында электр жарыгы өчкөн убакта генераторлор жумушка тартылып, кычкылтек концентраторлору жана жасалма дем алдыруучу жабдуулар тынымсыз иштеп турду.
“Реанимациялык бөлүмдө жаткан 24 бейтап, кычкылтек концентраторлоруна кошулган 179 бейтап энергетикалык үзгүлтүктөн жабыр тарткан жок. Кычкылтек үзгүлтүксүз берилип жатты. Эмгек жамаат күчөтүлгөн тартипте, ар бир оорулууну карап турду”, – деди директордун орун басары Айнура Узакбаева.
Белгилей кетсек, бүгүн түшкө маал Борбордук Азиянын бир нече өлкөсүндө электр жарыгы дээрлик 2 сааттан ашуун убакытка үзгүлтүккө учурады.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.