АИВ/ЖИКС

Кыргызстанда 2023-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИДге Каршы Чогуу Күрөшөбүз” улуттук кампаниясы башталат

745

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө боюнча борбору (РКЖВГжАИВКБ) “СПИДге Каршы Чогуу Күрөшөбүз” улуттук кампаниясынын башталышы жөнүндө жарыялайт.

2023-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда АИВ-инфекциясынын 13 030 учуру расмий катталса, анын ичинен 12 272си Кыргызстандын жарандары болуп саналат. Эпидемияны байкоого алуунун бардык мезгилине карата ВИЧ-инфекциясы бар 3233 адам каза болгон. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда АИВ илдетине чалдыккандардын 80%ы өзүнүн АИВ статусун билет.

Биз АИВди алдын алуу жана дарылоо программаларында маанилүү жыйынтыктарга жетиштик. Бирок, биздин болжолубуз боюнча, АИВ менен жашаган 2000ге жакын адам өздөрүнүн статусун билишпейт. Ноябрь айынын ичинде биздин кызмат жана бардык өнөктөштөр тарабынан ар кандай иш-чаралар, акциялар, журналисттер үчүн сынактар, пресс-конференциялар өткөрүлөт, анда кошумча маалымат алууга, АИВге акысыз тестирлөөдөн өтүүгө жана ошону менен АИВди алдын алууга салым кошууга болот”, – дейт РКЖВГжАИВКБнын директору Чокморова Умуткан Жусуповна.

“СПИДге Каршы Чогуу Күрөшөбүз” улуттук кампаниясы СПИДге каршы күрөшүүдө коомду бириктирүүгө багытталган. Бул 2026-жылга чейин 95-95-95 стратегиясына жетүү жана бардык муктаж болгондор үчүн сапаттуу социалдык жана саламаттыкты сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жалпы максатка жетүү үчүн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын тилектештигине жана кызматташуусуна чакырык.

Мындай үгүттөө багытындагы иш-чаралар 2023-жылдын ноябрь жана декабрь айларында өткөрүлөт. Биз бардык өнөктөштөрдү кампанияга кошулууга жана колдоого чакырабыз.

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борбору (РКЖВГжАИВКБ) – бул Кыргызстандагы АИВ жана гепатиттерге каршы күрөшүүчү алдыңкы уюмдардын бири. Биз АИВ жана гепатитке кабылган адамдарды алдын алуу, дарылоо жана колдоо боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнүн үстүндө иштейбиз, ошондой эле коомдогу кодулоо жана басмырлоону азайтууга көмөктөшөбүз.

Categories: АИВ/ЖИКС

Leave a Reply

Your email address will not be published.