ЖАҢЫЛЫКТАР

«Иммунизациялоодогу инсандар аралык байланыш» аттуу семинар Жалал-абад шаарында өттү

410

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын координациясында ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери Жалал-Абад областында «Иммунизациялоодогу инсандар аралык байланыш»деген темада семинарларды өткөрүштү.

Тактап айтканда, Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Ала-Бука, Аксы райондорунда.

Тренингдерге баштапкы медициналык-санитардык жардамдын адистери – облустун бардык аймактарынан келген дарыгерлер жана медайымдар катышты.

Алар ата-энелер жана тарбиячылар менен эмдөө маселелери боюнча инсандар аралык баарлашуу көндүмдөрүн үйрөтүштү.

Эки күндүк семинардын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо адистери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, инсандар аралык эффективдүү баарлашуунун ыкмаларын үйрөнүштү жана иш жүзүндө практикалык көндүмдөрдү колдонушту.

Жыйынтыктоочу тесттин жыйынтыгы боюнча семинардын катышуучулары инсандар аралык баарлашуу жаатындагы билим деңгээлин 33%дан 95%ке чейин жогорулатышты.

Окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгын ырастап, алардын бардыгына сертификаттар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.