ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМКнын адиси Ысык-Көлдө өткөн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшүнө катышты

633

2023-жылдын 18-июндан 23-июнга чейин «Биз үчүн бизсиз эч нерсе!» деген ураандын астында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар араба менен  жөө жүрүшкө чыгышты.

Коляскалар менен жөө жүрүш 5 күндүн ичинде Балыкчы – Чолпон – Ата багыты боюнча 80 чакырымга созулду.

Жөө жүрүшкоомдогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын  ордун жогорулатуу буга чейин болуп келген мифтерди, стигмаларды жана стереотиптерди жок кылуу максатында өткөрүлдү.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери жана Кыргызстандын  волонтерлор институнун жана ЮНИСЕФтин ыктыярчылары жөө жарышка катышкан жарандардын кан басымын текшерип, жеринен тиешелүү жардам беришти.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.