Балдарга кам көрүү

Үй-бүлөнү пландоо – дени сак балдар

888

Көбүнчө жаш жубайлар балалуу болууну пландашпайт. Жаңы үй-бүлө ата-энеликке алдын ала камынып, атайын адистерге, медициналык жайларга кайрылган учурлар өтө сейрек кездешет. Медициналык кароодон болочок эне гана өтүшү зарыл, атанын катышы жок деген жаңылыш пикирлер бар. Атанын саламаттыгы да болочок балага түздөн-түз таасир этери шексиз.

Кош бойлуулукту пландаштыруу – бул жубайларды дени сак балалуу болууга даярдоо процесси.

Баланын кыркы чыккыча үйдөн чыкпай коюу туура эмес. Дарыгер менен маек -  06.06.2019, Sputnik Кыргызстан

Келечектеги ата-эне канчалык ден соолугу чың болсо, кош бойлуулук процессинин нормалдуу жүрүшү жана дени сак балалуу болуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот. Кош бойлуулукту пландаштыруу ата-эне чечим кабыл алган учурдан тартып башталып, боюнда болгонго чейин уланат.

Үй-бүлөнү пландоо - дени сак балдар

👫🏽Үй-бүлөнү пландаштыруу – бул өнөктөштөрдүн биргелешип негизделген чечим кабыл алуу укугу жана милдети: качан жана канча балалуу болуу, каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн контрацепция ыкмасын тандоо жана төрөттүн ортосундагы 3 жылдан кем эмес интервалды сактоо.

😊 Үй-бүлөлүк баалуулуктарды унутпаңыз, бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун негизи жоопкерчилик, ишеним, сүйүү, сый-урмат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.