Сөөк, муун ооруларынын а-алуу

Балага рюкзакты кантип туура тандоо керек?

897

Август айында ата-энелер балдарын мектепке барууга камданта баштайт. Биринчи жана жогорку класстардын окуучуларына мектепке керектүү көптөгөн буюмдарды алышы керек болот. Мектеп буюмдарынын ичинен рюкзакты сатып алуу эң маанилүү жана жооптуу, анткени баланын ден соолугу жана коопсуздугу көбүнчө анын сапатынан көз каранды.

“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер” боюнча ар кандай класстардагы окуучунун рюкзактарынын салмагы үчүн стандарттар бар. Стандарт боюнча окуу китептеринин жана жазуу куралдарынын салмагы төмөнкү көрсөткүчтөрдөн ашпоого тийиш: 1-2-класстын окуучулары үчүн – 1,5 кг; 3-4-класстар үчүн – 2 кг; 5-6-класстар үчүн – 2,5; 7-8 – 3,5 кг, 9-11 – 4,0 кг.

Башталгыч класстардын окуучуларынын дене түзүлүшүнүн бузулушуна жол бербөө үчүн аларга окуу китептеринин эки комплектиси: бири мектептерде сабакта колдонуу үчүн, экинчиси үй тапшырмасын даярдоо үчүн болушу сунушталат.

1-4-класстын окуучулары үчүн окуу китептери жок эле рюкзактын өздүк салмагы 700 гр ашпоого тийиш.

Рюкзактын боолорунун жазысы 4–4,5 см чейин болушу керек, бул баланын аркасына анын тыгыз орнолушун камсыз кылат.

Аларды жасоо үчүн материал жеңил, бышык, сууну өткөрбөгөн, тазалоого оңой болууга тийиш.

Окуучунун дене түзүлүшүн бузган факторлордун бири – бул оор рюкзак жана аны туура эмес колдонуу.

Төмөндө маанилүү сунуштар берилген:

1. Эң оор жана эң чоң китептерди далыга жакыныраак жайланыштыруу керек.

2. Омуртканын оң же сол жакка кыйшаюусуна алып келбеши үчүн рюкзактын эки (!) боосун тең асынуу керек, эч убакта аны колго көтөрүп же бир ийинге асып жүрүүгө болбойт.

3. Далыга тыгыз көтөрүү үчүн рюкзактын боолорун тартып коюу керек.

4. Окуучунун салмагынан 15% ашкан рюкзактарды сатып алуу сунушталбайт.

5. Баланын боюна жараша көлөмдөгү рюкзакты тандоо керек: ылдый жагы белден өтүшү, ал эми үстүңкү бөлүгү баштын артына тийбеши керек.

6. Рюкзакты чоңойгондо да асынат деп чоңураагын алуунун кереги жок, бул омуртканын кыйшайып кетүүсүнө алып келиши мүмкүн, демек жаш курагына ылайык тандоо зарыл.

Баланын салмагы (кг)Рюкзактын сунушталган салмагы (ичи толо) (кг)Рюкзактын максималдуу салмагы (ичи толо) кг
2023
252,53,75
3034,5
353,55,25
4046
454,56,75
5057,5

Көбүнчө окуучулар сабактын графигине маани бербестен эле, ашыкча китептерди жана дептерлерди салып алышат. Ошондуктан күнүмдүк керектүү гана окуу китептери менен дептерлерин салып барышына көз салуу керек. Анын салмагы нормадан ашыкча болбоого тийиш.

   Рюкзактын көп жыл кызмат кыла турганы эсиңизде болсун, ошондуктан аны тандоодо олуттуу мамиле жасоо керек. Анын сапатына, ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна көңүл буруу зарыл.

Колдонулган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 токтому менен бекитилген “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдеринен” алынды.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.