Алдын алуу

РДЧжМКнын Республикалык кан борборуна барып донордук максатта кан тапшырышты

1142

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы уюмдардын өкүлдөрү жана Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун жетекчилиги Республикалык кан борборуна барып кан тапшырышты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, донордук канга муктаждыкты жабуу үчүн ар бир 1000 кишиге кеминде 40 донор кан тапшырышы керек. Ал эми Кыргызстанда, 1000 кишиге болгону 5 донордой эле туура келүүдө. Мындан улам, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы уюмдардын өкүлдөрү жана Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун жетекчилиги Республиалык кан борборуна барып донордук максатта кан тапшырышты.

РДЧжМКнын директору Нурила Алтымышева “Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын өлкө аймагы боюнча кан борборлоруна барып, донордук максатта кан тапшыруусуна чакырам. Анткени, сиз жөн гана кан тапшыруу менен башка адамдын жашоосун сактап калууга салым кошосуз. Донордук кандын ар бир тамчысы адам өмүрүн сактап калат”, – деп билдирди.


Белгилей кетсек, Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун жалпы жамааты ар жыл сайын 14-июнда Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүндө жана ар 60 күн сайын Республикалык кан борборуна барып, донордук кан тапшырып, ардактуу донор болууга ниеттенүүдө.

Ошондой эле донор болууга, мүмкүнчүлүккө жараша башка мекемелерди дагы катышууга чакырабыз. Себеби Республикалык кан борборунунан билдиргендей, учурда донордук канга муктаж болгондор көп болууда.


✅Кан тапшырууга кантип даярдануу керек?
✅Сиз донордук процедурадан 48 саат мурун спирт ичимдиктерин ичүүдөн баш тартышыңыз керек.
✅72 саат кан тапшыруу үчүн аспирин жана анальгетиктер бар дарыларды колдонбоңуз.
✅24 саат бою майлуу, ачуу, ышталган, сүт азыктары, жумуртка жана кофе алынып салынышы керек.
✅Эртең менен жеңил эртең мененки тамакты ичүү керек, ал эми процедурадан мурун донорго таттуу чай берилет.
✅Ошондой эле, кан берүүгө бир саат калганда тамеки тартуудан баш тартуу керек.
✅Кан тапшырууга кантип даярдануу керек, ким донор болбошу керек жана башка суроолор боюнча 0(312) 541913 телефону аркылуу жооп аласыз.

❗Каалоочулар Бишкек шаары, Ч.Айтматов пр., 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна эртең мененки саат 08:00дөн 14:00гө чейин келсе болот.

2 replies »

Leave a Reply

Your email address will not be published.