ЖАҢЫЛЫКТАР

Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча иш план талкууланды.

301

 «Жаннат» мейманканасында жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча 2026- жылга чейин түзүлгѳн иш план талкууланды. Бул иш чара Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен Бүткүл дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосунда ѳткѳрүлдү. Талкууда ар бир министрликтин ѳкүлдѳрү сунуштарын берди. . Иш чарада Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын сунушу менен талкулоо таза абада улантылып, ден соолукту чындоочу кѳнүгүүлѳр менен коштолду.

Узак жашоого эмне тоскоол болот? Бул суроого жооп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндөгү бардык өлүмдөрдүн 70% түзгөн жугуштуу эмес оорулардын жайылышына байланыштуу экендигине Алтымышева Алина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун улуттук кызматкери токтолду.

Көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле, Кыргызстанда да жугуштуу эмес оорулар калк арасындагы майыптыктын, оорулардын жана мезгилсиз өлүмдүн негизги себеби болуп саналат. Өнөкөт оорулар деп аталган жугуштуу эмес оорулар, адамдан адамга жукпайт. Алар билинбей пайда болуп, жай өөрчүйт.

 Жугуштуу эмес оорулардын себептери

Дарыгерлердин айтымында илдеттер канчалык кооптуу болбосун, алдын алууга болот. Бул оорулар адамдын жашоо образына тыгыз байланышкандыктан алдын алуу жолдорун тапса болот.

Жугуштуу эмес ооруларга алып келген негизги факторлор:

Тамеки тартуу
Спирттик ичимдик ичүү
Туура эмес тамактануу
Аз кыймылдоо
Экологиялык абал ж.б.

Эркектердин кеминде 45 пайызы тамеки тартат. Иш-план дагы такталып, ишке ашыруу жолу каралат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.