Алдын алуу

Күнгө аллергия: эмне кылуу керек жана аны кантип алдын алса болот

393

Макалабыздын каарманы 4 баланын энеси Бишкектик Жибек аллергиянын бул түрү менен ооруйт. Күндүн ашыкча таасири анын терисине терс таасирин тийгизет: исиркектер, кычышуу жана жеңил оору пайда болушу мүмкүн.

Ошол эле маалда каарманыбыз үй-бүлөсү менен жыл сайын жайкысын Ысык-Көлгө эс алууга барат. Пляжга барардан мурун, камкор эне бүт үй-бүлө үчүн күндөн коргоочу кремдерди колдонот, себеби – балдарда аллергия болуу кооптуулугу бар.

Жибек өзү пляжга баргандан кийин кандагы гистаминдин деңгээлин төмөндөтүүчү жана теридеги исиркектер, кычышуу түрүндөгү клиникалык көрүнүштөрдү жок кылган антигистаминдерди колдонот. Жыйынтыгында аллергия болуп кетүү коркунучу азаят.

Кошумчалай кетсек, атайын узун жеңдүү купальниктер Бишкектик айым үчүн жакшы жардамчы болуп калды. Жибектин айтымында, анын үй-булөсүнө жакында Кореядан эжеси алып келген. Анткени костюм күндүн түз нурунан сактабастан, сууга түшкөндөн кийин сууда жана кургакта тоңбойт.

Күнгө болгон аллергия – бул өтө кеңири таралган көрүнүш жана жыл сайын бул оору менен жабыркагандардын саны көбөйүүдө. Дарыгерлер белгилешет – оору күн нурларынын өзүнөн пайда болбойт, башкача айтканда, күн радиациясы аллерген эмес. Аллергиялык реакция белгилүү бир тышкы жана ички факторлордон улам пайда болот.

Күн аллергиясынын белгилери жана себептери:

Аллергиянын симптомдору күнгө өзгөчө териси сезгич адамдар үчүн мүнөздүү. Кээ бирөөлөр үчүн бул тукум куума реакция. Башкаларында аллергиялык белгилер кошумча факторлордун таасири астында пайда болот, мисалы, дары-дармектерге же айрым өсүмдүктөрдүн терисине тийүүсү, тиричилик химиясы ж.б.

Эгер аллергия пайда болсо симптомдору жеңил же оор болушу мүмкүн, анын ичинде анафилактикалык шок, өмүргө коркунуч туудурган аллергиялык реакция тез медициналык жардамды талап кылат.

Теридеги негизги клиникалык көрүнүштөр:

• кызаруу;

• кычышуу же ооруу;

• кичинекей диаметрдеги элементтер, теринин деңгээлинен жогору көтөрүлүп, бири-бири менен биригиши мүмкүн;

•теринин сыйрылуусу;

• жеке ыйлаакчалар же таралган уртикария;

• сейрек – шишик.

Симптомдор теринин күн тийген жеринде гана пайда болот жана адатта бир нече мүнөт же сааттын ичинде билине баштайт.

Күн аллергиясын дарылоо жана алдын алуу

Күнгө аллергия болуунун жеңил учурлары, адатта, дарылабай эле жоголуп кетет. Орточо учурлар антигистамин (рецептсиз) менен дарыланат, мисалы, ” дифенгидрамин ” же “хлорфенирамин”активдүү ингредиенти менен. Алар экөө тең бир нече соода аталыштары менен сатылат жана кычышууну басуу үчүн жардам берет. Гидрокортизонду камтыган крем дагы жакшы жардам берет.

Оор учурларда, жабыркаган жерлерди стероиддик кремдер менен дарылашат же дарыгер жазып берген таблеткаларды ичишет. Эгер сизде оорунун белгилери болуп баштаса жашаган жериңизде дерматологго же терапевтке кайрылуу керек. Күнгө катуу аллергия менен ооруган адамдар профилактикалык чараларды көрүп, күндөн коргоочу кийимдерди кийиши керек.

Тобокелдик тобуна

Жаш балдар,

кош бойлуу аялдар,

териси кубарган,

солярийге көп барган адамдар,

жакында химиялык пилинг жасаткандар,

татуировка жасаткандар кирет.

Алдын алуу үчүн – күндүн максималдуу активдүүлүгүндө-саат 10:00дөн 16:00гө чейин көлөкөдө же үйдө болуу, ошондой эле кремдер, кийимдер жана көз айнектер менен коргонуу жакшы.

Ден соолукта болуңуз!

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.