Таркалышы
Дүйнө жүзү боюнча болжол менен 2,2 миллиард адам жакынды же алысты көрүүдөн жабыркайт. Алардын кеминде 1 миллиарды, б.а. дээрлик жарымында көрүүнүн начарлашын алдын алса болот же көздүн көрүүсүн оңдоого болот.
Айтып өткөн 1 миллиард адамдын катарын, алысты жакынды көрө албаган, оптикалык жарыктан көздүн көрүүсү начарлаган алардын саны 88,4 миллионду түзгөн, ал эми катаракта (94 миллион), куракка байланыштуу макулярдык дегенерация (8 миллион), глаукома (7,7 миллион), диабеттик ретинопатия (3,9 миллион) жана оңдолбогон пресбиопиядан (826 миллион) адамдын көзү жакын көрүүдөн начарлаган.
Дүйнө жүзү боюнча, көрүү начарлашынын негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
курактык макулярдык дегенерация;
катаракта;
диабеттик ретинопатия;
глаукома;
оңдолбогон сынуу каталары.
Улгайуу жана ден соолук
Негизги фактылар2015-2050-жылдар аралыгында 60 жаштан ашкан дүйнө калкынын үлүшү дээрлик эки эсеге, 12%дан 22%га чейин өсөт.
1. 2020-жылы 60 жана андан жогорку жаштагы калктын саны 5 жашка чейинки балдардын санынан ашты.
2. 2050-жылы улгайган адамдардын 80% аз же орто кирешелүү өлкөлөрдө жашайт.
3. Мурдагыга салыштырмалуу калктын карылыгы бир кыйла тездеди.
4. Бардык өлкөлөр бул демографиялык өткөөл мезгилде ден соолук жана социалдык жактан кам көрүү системаларын эң мыкты деңгээлде аткарууга даярдоо кыйын милдети алдында турат.
Жалпы маалымат:
Дүйнөнүн ар бир өлкөсүндө улгайган адамдардын саны гана өспөстөн, алардын калктагы үлүшү да өсүүдө.
Дүйнөлук статистикага ылайык 2030-жылы 60 жаштан жогоркулар дүйнө калкынын алтыдан бир бөлүгүн түзөт. 2050-жылга карата 60 жана андан жогорку жаштагы калктын саны эки эсеге көбөйөт (2,1 миллиард адамга чейин). 2020-жылдан 2050-жылга чейин 80 жаштан ашкан калктын саны үч эсе көбөйүп, 426 миллионго жетет деп күтүлүүдө. Калктын структурасынын улгайган курактагы топторго карай мындай осушу калктын карылыгы деп аталат жана кирешеси жогору өлкөлөрдө башталган (мисалы, Японияда 60 жаштан жогоркулар калктын 30% түзөт). 2050-жылга карата 60 жаштан ашкан дүйнө калкынын үчтөн экиси кирешеси төмөн же орто мамлекеттерде жашайт.
Эмне үчүн карылык пайда болот?
Биологиялык жактан алганда, бул убакыттын өтүшү менен топтолгон молекулярдык жана клеткалык зыяндын көп түрдүүлүгүнүн натыйжасында бул физикалык жана психикалык мүмкүнчүлүктөрдүн акырындык менен төмөндөшүнө, оорунун жана акыр аягында өлүмдүн ыктымалдыгынын жогорулашына алып келет. Мындай өзгөрүүлөр адамдын канча жыл жашаганына гана тиешелүү.
Карылык биологиялык өзгөрүүлөр менен гана эмес, көбүнчө жумуштан кетүү, улгайган адам үчүн ылайыктуу турак жайга көчүү, досторунун жана жакындарынын өлүмү сыяктуу жашоонун башка өзгөрүүлөрү менен байланыштуу.
Карылык менен байланышкан башкы оорулар
Улгайган адамдарда эң кеңири таралган оорулар бул -угуунун начарлашы, катаракта жана көз көрүүнүн начарлашы, бел жана моюн ооруусу жана остеоартрит, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, диабет, депрессия жана эс тутумдун начарлашы болуп саналат. Картаюу процессинде бир эле учурда бул оорулардын бир нечесин күчөтүү ыктымалдыгы жогорулайт.
Дени сак картаюуга таасир этүүчү факторлор
Жашоонун узактыгынын жогорулашы улгайган адамдарга мүмкүнчүлүктөрдү берет, мисалы жаңы иштер менен алектенүүгө – окуусун улантууга, жаңы карьера курууга же унутулуп калган хоббилерине кайтып келүүгө мүмкүндүк берет. Улгайган коомчулукка ар тараптуу салым кошуп келишет. Бирок, бул мүмкүнчүлүктөрдүн көлөмү жана алар алып келе турган пайдалар көбүнчө бир фактордон – ден соолуктун абалынан көз каранды. Улгайган адамдардын ден соолугунун абалынын айрым айырмачылыктары генетикалык факторлор менен шартталган, бирок алардын көбү физикалык жана социалдык чөйрөгө, анын ичинде турак жай шарттарына, жашаган жерине жана жакынкы социалдык чөйрөгө, ошондой эле жынысы, улуту сыяктуу индивидуалдык өзгөчөлүктөргө байланыштуу, же социалдык-экономикалык абалына байланыштуу. Узак мөөнөттүү карылыктын мүнөзүнө адамды бала кезинде курчап турган шарттар, ал тургай анын курсагында өнүгүшүнө таасир эткен факторлор да таасир этет.
Categories: Алдын алуу