Алдын алуу

“Кан басымыңды бил!” акциясына күнүнө 100-120га чейин адам кайрылууда

416

3-октябрда башталган кан басымды өлчөө акциясы Кыргызстандын бардык аймагында медициналык борборлордо уланууда.

Иш-чара калк арасында артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары ошондой эле алардын татаалдашына алып келүүчү башка коркунучтар менен ооруларды алдын-алуу боюнча маалымат берүү максатында өткөрүлүүдө.


“Акциянын алкагында Бишкек шаардык №7 ҮМБунда ДЧК адисине күнүнө 100-120га чейин адам кайрылып, кан басымын текшертишүүдө. Аны менен катар адис тарабынан кайрылган адамдарга акысыз кеңеш берилүүдө ”- бул тууралуу №7 ҮМБунун ДЧК адиси Эмиль Шаршеналиев РДЧжМК борборуна билдирди.

Мындай саамалыктар медицина борборлорунда калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн тез-тезден уюштурулуп турат. Азыркы акция 10-октябрга чейин уланат жана калкыбызды бул иш чарага катышып, ден соолугуна кам көрүүсүнө чакырабыз деп кошумчалады ДЧК адиси Э.Шаршеналиев.

Leave a Reply

Your email address will not be published.