Кант диабети

«Кант диабети – заманбап медицинанын чакырыгы» Бишкекте эл аралык конференция өтүүдө:

79

12–13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында «Кант диабети, заманбап медицинанын чакырыгы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Бул иш-чара ар жылы 14-ноябрда белгиленүүчү Дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүнө арналган. Конференцияны Кыргызстандагы Диабеттик жана эндокринологиялык ассоциация уюштурган.

Иш-чаранын максаты, коомчулуктун көңүлүн кант диабетинин көйгөйүнө жана анын татаалдашууларына буруу болуп саналат.

Конференциянын негизги багыттарынын бири калктын оорунун себептери жана белгилери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, эрте аныктоо жана өз убагында дарылоо аркылуу өлүм-житим менен майыптыктын деңгээлин төмөндөтүү. Конференцияга Россиядан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн келген эксперттер, ошондой эле Кыргызстандагы аймактардан эндокринологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, бейтаптар жана жарандык коом уюмдары катышууда.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда учурда кант диабети менен ооругандардын расмий катталган саны 90 миңге жакын. Бирок чыныгы көрсөткүч мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн, 300 миңден ашык адам өзүнүн оорусу тууралуу билбей жашап жүрүшү ыктымал. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) аныктамасына ылайык, кант диабети жугушсуз эпидемия болуп эсептелет жана дүйнө боюнча өлүмдүн үчүнчү негизги себеби катары белгиленет.

Реалдуу оорулуулардын саны расмий статистикалык маалыматтардан бир нече эсе жогору экени айтылат. Дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүн өткөрүү, бул дарыгерлердин, бейтаптардын, мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдүн күч-аракетин бириктирүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул күн дүйнөлүк коомчулукка кант диабетинин жайылышы улам көбөйүп жатканын жана ага каршы чечкиндүү аракеттерди көрүү зарылдыгын эскертип турат.

13-ноябрь күнү конференциянын алкагында, диабетке каршы күрөштөгү биргелешкен аракеттер» деген тегерек стол өткөрүлүүдө. Анын максаты, Кыргызстан Республикасында диабет маселесине болгон мамилени бардык деңгээлде өзгөртүү, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана оорунун алдын алуу менен эрте аныктоо иш-чараларын илгерилетүү болуп саналат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.