Алдын алуу

Карылар үчүн медициналык жана социалдык камкордук боюнча тренинг

263

2024-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында карылар үчүн медициналык жана социалдык камкордукту уюштурууга багытталган социалдык кызматкерлер үчүн окутуу тренинги өттү.

Бул иш-чараны Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору (РДЧиМК) “Карылар үчүн ресурс борбору” коомдук уюму менен биргеликте, Кореянын эл аралык саламаттыкты сактоо фондунун (KOFIH) колдоосу менен “Кыргызстанда карылардын жашоо сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында уюштурду.


Тренингдин максаты – социалдык кызматкерлердин карыларга камкордук көрсөтүү жөндөмүн жогорулатуу.

Жашоо узактыгынын өсүшү – коом алдында турган маанилүү милдеттердин жана чакырыктардын бири. Ошондуктан оорулардын алдын алууга жана активдүү карылыкты камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керек.

КММАнын госпиталдык терапия кафедрасынын ассистенти, Медицина илимдеринин кандидаты, Мира Арстанбекова, катышуучуларга геронтология, гериатрия жана карылык алсыздык сыяктуу негизги түшүнүктөр тууралуу кеңири маалымат берди. Бул түшүнүктөр карылардын физиологиялык жана психологиялык муктаждыктарын түшүнүү үчүн өтө маанилүү.

Ошондой эле ал саламат жашоо образын кармануу принциптерине токтолду: туура тамактануу, физикалык активдүүлүк жана психоэмоционалдык тең салмактуулук. Мындан тышкары, профилактикалык текшерүүлөр, ден соолук абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана ооруларды эрте аныктоо мүмкүн болгон коркунучтарды убагында аныктоого жана чара көрүүгө жардам берет.

РДЧжМКнын адиси Рысбек Букарадинов, негизги гериатриялык синдромдордон жабыркаган карыларга кам көрүү боюнча маанилүү теманы терең талдады. Ал оорулуу пациенттерге эффективдүү кам көрүүнүн мисалдарын келтирип, үй шартында жардам көрсөтүү боюнча сунуштарды берди.

Катышуучулар тренингдин темасынын актуалдуулугун белгилешип, камкордук жана алдын алуу боюнча потенциалды андан ары жогорулатууга кызыгууларын билдиришти.

Биз ишенебиз, алынган билимдер жана сунуштар социалдык кызматкерлерге, өзгөчө жардамга муктаж карылар үчүн сапаттуу камкордукту уюштурууга жардам берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.