КДВО/ Сасык тумоо

КДВО жана ГРИПП: УЛГАЙГАН АДАМДАР ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ ТИЙИШ

2

65 жаш жана андан улуу курактагы адамдар курч дем вирустук оорулары (КДВО) жана грипп сыяктуу жугуштуу ооруларды жуктуруп алуунун жогорку тобокелчилигине дуушар болушат.

Инфекциялардан кантип коргонуш керек:

  • Гриппке каршы эмдөө ушул оорулардан коргоонун кыйла натыйжалуу ыкмасы болуп саналат
  • Колду үзгүлтүксүз самындап жууп туруу же колго арналган антисептик колдонуу Жөтөлүп же чүчкүрүп жаткан адамдардан аралыкты сактоо
  • Өзгөчө коомдук жерлерде беткап тагынуу
  • Бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетүү
  • Толук баалуу тамактануу (жетишерлик көлөмдөгү жашылча, жемиш, кычкыл сүт азыктары), физикалык активдүүлүк менен машыгуу (күн сайын 30 мүнөттөн кем эмес), толук баалуу уйку жана стресстин жоктугу
  • Өз алдынча дарыланууга болбойт

Өз ден соолугуңарга кылдат мамиле жасагыла — бул узак жана активдүү өмүр сүрүүнүн негизи

Кандай татаалдашуулар болушу мүмкүн? Оору жеңил өтүшү мүмкүн, бирок кээде оорунун өтүүсүндө өлүмгө чейин алып келген оор формалары кездешет.

Негизги татаалдашуулар:

  • Пневмония
  • Бронхит
  • ЛОР-органдар менен болгон көйгөйлөр – отит, синусит, ринит, трахеит
  • Жүрөк-кан тамыр оорулары – миокардит, перикардит
  • Нерв системасынын оорулары – менингит, менингоэнцефалит, энцефалит
  • Өнөкөт оорулардын татаалдашуулары.

Эмне үчүн улгайган адамдар кыйла аялуу келишет? Жаштын өтүшү менен иммундук системанын ишинин начарлашы байкалат, бул улгайган адамдардын инфекцияларды жуктуруп алуу ыктымалдуулугун жогорулатат.

Көпчүлүгүндө инфекциянын өтүшүн татаалдаштырып жана оордошуулардын тобокелчилигин көбөйтүшү мүмкүн болгон диабет, жүрөк жана өпкө оорулары сыяктуу өнөкөт оорулар бар.

Инфекция кандайча жугат? Оору көп учурда сүйлөшүү, чүчкүрүү же жөтөлүүдө аба-тамчы жолу аркылуу жугат. Ошондой эле ооруну кол алышуу, кучакташуу жана оорулуу адамдар кол тийгизген буюмдар аркылуу жуктуруп алууга болот.

Оорунун симптомдору төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • Дене табынын жогорулашы, калчылдоо
  • Кургак жөтөл
  • Дем алуунун кыйындашы
  • Көкүрөктөгү салмактануу сезими
  • Мурун бүтүү
  • Тамактын оорушу
  • Баш жана булчуңдагы оорулар
  • Жалпы алсыроо
  • Айрым учурларда ашказан-ичеги бузулуулары: жүрөк айлануу, кусуу, ич өткөк болушу мүмкүн.

Улгайган адамдар керектүү жардам алуу үчүн оорунун биринчи белгилеринде үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуулары керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published.