Алдын алуу

Кичинекей балдардын тишине кам көрүүнүн маанилүүлүгү

443

Юлдашев Илшат Мухидинович

Иса Ахунбаев атындагы КММАнын Балдар стоматология кафедрасынын башчысы

Наристелерге алгачкы тиш кайсы учурдан баштап чыгып баштайт? Баланы кайсы курактан баштап тиш доктурга алып баруу зарыл?

Бала төрөлгөндөн кийин биринчи тиш 6 айында чыгып баштайт. Ал бала 1 жашка чыкканда анда 8 тиш болушу керек. Ал эми комплект 20 тиш бала 3кө чыкканда толугу менен чыгып бүтөт. Баласынын сүт тиштери чыга баштаган кезде эле эне ага кам көрүүгө аракет кылып баштоосу керек. Баланын колун таза жууп, стерилденген бинтти сөөмөйүнө ороп, жөнөкөй эле кайнатылган жылуу сууга малып алып балаңыздын бүйлөлөрүн, анан жаңы чыккан сүт тиштерин акырындан сүртүү керек. Муну күнүнө эки жолудан, сүт тиштери толук чыккычакты жасай берсе жакшы натыйжасын берет. Ал эми эки жаштан тартып, дарыгерге барып, профилактика жумуштарын баштаган эң туура болот.

Баланын тишин узак убакытка сактоо үчүн ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?

Баланын тишине кам көрүү анын эненин түйүлдүгүндө пайда болгон кезде башталганы туура болот. Башкача айтканда, кош бойлуулуктун 6-7-жумаларынан баштап түйүлдүктө сүт тиштердин, ал эми 20 жумалык болгондон тартып туруктуу тиштердин өзөгү пайда болот. Алар сүт тиштерден тереңирээк жайгашат. Андыктан эне баласынын тишине кам көрүүнү мына ушул учурдан баштап эле колго алышы керек. Бул учурдагы кам көрүү деген эмне? Албетте, туура тамактануу, пайдалуу азыктарды гана пайдалануу болуп эсептелет. Ал эми баланын тиши үчүн эң зарыл нерсе, албетте, кальций. Кальцийдин булактары болуп, быштак жана сүт азыктары саналат.

Канча жаштан баштап, балага тиш жууганды үйрөтүү керек?

Ал эми сүт тиштери толук чыккан 1,5, 2 жаш кезинен тартып атайын балдарга арналган тиш щётка жана паста менен тиш жууганды үйрөтүңүз. Айрым ата- энелер баланы күчкө салып кармап алып өздөрү жууп берип жалкытып алышат. Бул туура эмес. Мындан улам бала акылы киргичекти такыр тишин жуубай коюшу мүмкүн. Мунун ордуна колуна тиш щётканы карматып, бул ишти оюнга айландырыңыз.Ал эми тиш щётка жана пастаны тандаганда эмнелерди эске
алуу керек?

Ал эми тиш щётка жана пастаны тандаганда эмнелерди эске алуу керек?

Балдарга өтө жумшак тиш щёткасы сунушталат. Ал эми пастанын курамында фтору жок болушу шарт.

Кичинекей балдардын тишин дарылоо процесси кандай жүрөт деген суроо көпчүлүк ата-энелерди кызыктырат болушу керек.

Негизи биздин жумушта алып бара турган негизги эки багыт бар.Бул санация жана профилактика. Мындан маанилүүсүпрофилактика жумуштары. Анын артында баланын өзүнүн тишин узак убакытка сапаттуу сактап калганы мүмкүнчүлүк болот. Негизи баланын тишин дарылоо адистер үчүн кыйын эмес. Ал эми баланы
көндүрүү, креслого отургузуу аны ошол процесске даярдооыкмаларын дагы колдонуу керек. Мындан дагы маанилүү нерсе, ата-энелер балдарын тиши ооруган учурда эмес, ага чейин дарыгерге алып келсе дейт элем. Анткени баланы алып келип эле креслого отургузганда коркуп калышы мүмкүн. Ага чейин тиши оорубаган мезгилде эле стоматологго алып барып, профилактика
жумуштарын жасап, акырындан көндүрүү керек. Ал эми эки жаштан тартып ата-энелер 3 айда бир баланы тиш доктурга алып келип көрсөтүп туруусу маанилүү.
Балдар тиш ооруларына байланыштуу кандай көйгөйлөр
менен кайрылышат?

Негизгиси кариес. Мындан сырткары, гипоплазия деген оору менен да көп кайрылышат?

Мында баланын тиштери саргарып баштайт. Эгерде убагында дарылабаса анда ал дагы кариеске
айланып кетет. Мындан сырткары, ооз көңдөйүнө чыкчу стоматиттен, тиштин түптөрүнө чогулуп калган таштардан, тиштин аябай саргайып кеткенинен жабыркагандар дагы көп.

А баланын тишин кариестерден коргоонун кандай жолдору бар?

Таттуу азыктарды баланын рационунан таптакыр эле алып салуу туура.Мунун ордуна сүт азыктарын, жер-жемиш, жашылчаларды көбүрөөкколдонуу керек. Эгерде бала таттуу жесе андан кийин тишин суу менен чайкап койгон да жакшы натыйжасын берет.

Кээ бир ата-энелер “балам күндө тишин эки маал жууса дагы “курттап” кетти” дегендерин угуп калабыз. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?

Анда тишин туура эмес жууп жатат. Негизи тишти 2 мүнөттөн 5 мүнөткө чейинки убакытта жууш керек. Эгерде тиш жууну аталган убакыттан эрте токтотуп койсо же 5 мүнөттөн көп жууса дагы тиштер жабыркайт. Кошумчалап кете турган нерсе, мени
кубандырган жагдай да бар. Учурда ата-энелерде мурункуга караганда бир аз жоопкерчилик жогорулады. Азыр балдарынын тишинин саламаттыгын ойлогон ата-энелер көбөйдү. Бул кадам
албетте кубандырбай койбойт.

Маегиңиз үчүн рахмат! Ишиңизде ийгиликтер болсун!

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.