Алдын алуу

Кош бойлуу кезде тамеки тартуунун коркунучтары:

374

Кош бойлуу аял тамеки тартканда, никотин плацента аркылуу эркин, ымыркайга өтөт. Истүү газ менен никотин өзгөчө болочок наристеге зыян. Никотин уулуу зат, ал болочок наристенин, биринчи кезекте, нерв системасын жабыркатат.

Тамекинин түтүнү – гендин түзүлүшүн өзгөртүп мутацияга алып келүүчү алдыңкы факторлордун бири, башкача айтканда болочок наристенин ден соолугу үчүн жооп берген тукум структураларды ар кандай түрдө бузууга алып келе турган мутагендик касиетке ээ.

Бойго бүтүүнүн алгачкы учурларында никотиндин зыяны абдан чоњ, анткени ал болочок наристенин өсүшүнүн терең бузулушуна алып келет, мисалы,    жүрөктүн туубаса порок оорусун пайда кылат. Кош бойлуу аялдын тамеки чегиши баланын өлүк төрөлүшү, мөөнөтүнөн эрте төрөлүш коркунучун көбөйтөт, эгер бала убагында төрөлсө дагы анын салмагы аз, акыл эс, дене бой жана эмоционалдык жактан артта калат. Андан тышкары, кош бойлуу кезде тамеки тарткан аялдын өзүнөн өзү боюнан түшүп калуусу жана аборт болуу учурлары көп кездешет. Жатындагы ымыркайдын мээсине жана булчуңдарына топтолуп калган никотин, бала төрөлгөндөн кийин дагы өзүнүн зыяндуу таасирин улантып, баланын кокустан чарчап калуу коркунучун көбөйтөт.

Тамекинин уулуу заттары баланын оргинизмине эненин сүтү аркылуу дагы өтүп, жашоого сыйышпаган нерв жана сөөк системасынын бузулуусуна алып келет. Аз аздан тамеки чегүү болочок наристенин ден соолугуна зыян тийгизбейт деп ойлогон адам терээң жаңылышат, бир эле сигарета дагы, же болбосо сейрек тамеки тартуу ымыркайдын ден соолугунун кыйла бузулушуна алып келет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.