ДЧК

КУРГАК УЧУК боюнча окуучулар билүүгө тийиш!

220

Кургак учуктун алдын алуу үчүн, баарынан мурда, ал оорунун ачык түрүнө кабылган адам сөссүз түрдө обочолонушу керек. Ал эми бул оорунун белгилери тууралуу мектеп окуучуларына маалымат берүү маанилүү. Бул боюнча Кызыл-Кыя шаардык Жалпы дарыгердик практикалык борборунун ДЧК адиси Ж.Дүйшеева төмөнкүлөрдү билдирди.

“Илдетти алдын алуу максатында, КР Саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жыл сайын жер-жерлерде, мектептерде атайын сабактарды өтүп келет. Быйыл 14-март күнү Кызыл-Кыя шаардык, А.Новаи атындагы орто мектебинин 7-8-9-классынын окуучуларына №2 ҮДТнун дарыгери Умар кызы М. биргеликте кургак учук тууралуу, атайын сабак өткөрдүк. Окуучуларга илдет тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кошумча суроолоруна жооп бердик. Жыйынтыгында окуучулар, кургак учук оорусунан сактануу, алдын алуу жолдорун үйрөнүштү жана аларга  кошумча маалыматтык тиркемелер таркатылды”.

Leave a Reply

Your email address will not be published.