Кургак учук

Кургак учук менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болобу?

159

Пандемия жана ага байланыштуу чаралар, кургак учук менен күрөшүү иштерин олуттуу түрдө үзгүлтүккө учуратты. Натыйжада кургак учук менен ооругандардын каттоого турчу саны кескин кыскарды.

Кыргызстанда жылына кургак учуктун 5600дөн ашуун жаңы учуру катталат.

Анын үстүнө кургак учуктун дарыга туруктуу түрлөрү боюнча дүйнөдө эң жогорку деңгээлдеги отуз өлкөнүн катарына киребиз.

Окумуштуулардын айтымында, кургак учук сыяктуу аба аркылуу таралган респиратордук инфекциялар менен ооруган адамдарда COVID-19 илдети оор өтүшү мүмкүн.

Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус жана кургак учук менен ооруган адамдардын өлүмү, кургак учук менен ооруган адамдарга караганда үч эсе көп экенин көрсөтүп турат.

COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн кургак учук менен ооруган бардык адамдар коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Ал үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуу керек.

Сиз вакцинаны ала албайсыз:

курч респиратордук оорулар болгондо;

эгерде сизде вакцинанын компоненттерине аллергияңыз болсо;

курч стадиясында өнөкөт оорулары бар болсо;

катуу сезгенүү процесстери жана интоксикация симптомдору менен кургак учуктун активдүү фазасында.

Эгерде сизде жогоруда көрсөтүлгөн каршы көрсөткүчтөр болсо, анда дарылануу жана андан кийин эмдөө алуу сунушталат.

Categories: Кургак учук

Leave a Reply

Your email address will not be published.