05.01.2021 Temirlan
2017 – жылдын 27- декабрында Республикалык ден соолукту чыӊдоо борборунда (РДЧБ) Консултативдик кенешменин долбоорунун отуруму ѳткѳрүлдү. Отурумда долбоордун жетекчиси Шин Хен Сук 2017- жыл ичинде жүргүзүлгөөн иштердин жыйынтыгы менен бөлүшүп, 2018- жылга карата аткарыла турган иштердин планын менен тааныштырды.
Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө №12 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) директорунун орун басары Диляря Табалдиевна долбоордун жардамы аз кандуулукту алдын алууга жүргүзүлгөн профилактикалык иштер боюнча маалымат берди. Анын алкагында, № 12 ҮМБнын медициналык кызматерлеринин потенциалын жогорулатууга, жаңы конуштарда калктын маалыматтулугун жогорулатуу үчүн атайын семинарлар ишке ашкан. Ошондой эле, аз кандуулук оорусу менен ооруган балдарды дары-дармек менен камсыз кылууга көмөктөшүшкөн.
Ленин районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Жамал Мамытова, – эне жана баланын ден соолугун чыңдоо жана аз кандуулукту алдын алуу үчүн коомчулук менен байланышты күчөтүүгө саламаттык комитеттеринин ишин жандандыруу зарылдыгын белгиледи.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 12-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору менен Корея Республикасынын КЕНГ ХИ (КHU) университетинин ортосунда «Бишкек шаарынын жаңы конуштарында (Ак- Өргө, Ак- Ордо) мектепке чейинки балдардын ден соолугун жакшыртуу» боюнча жардам берүү максатында кызматташуу Меморандумуна кол коюлган. Ага ылайык, 7 жетекчиден турган консултьтативдик комитет түзүлүп, төрагалыкка РДЧБнын директору Гульмира Айтмурзаева дайындалган.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР