АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Сүт безинин рагын алдын алуу үчүн жарыяланган кызгылт октябрь маалымдуулук бир айлык акциясы жыйынтыкталды

998

Аялдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо, сүт безинин рагын алдын алуу жана алардын өнүгүүсүнүн тобокелдик факторлорун азайтуу максатында КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен 2023-жылдын 1-октябрынан 31-октябрына чейин   “Сен үйдүн кутусуң-Текшерилгин”-девизи менен маалымдуулук айы жарыяланган.

Акция учурунда, Кыргызстандын бардык аймактарында медицина кызматкерлери тарабынан сүт безинин рагын алдын алуу үчүн аялдардын ден соолугун жеринде кароо жана консультация берүү иштери жүргүзүлүп ошондой эле медициналык уюмдарда мини лекциялар уюштурулду. Андан сырткары жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, телевидение жана радиолор аркылуу элге маалыматтар берилди.

2023-жылдын 23-ноябрында Бишкекте бул саамалыкты жыйынтыктоочу тегерек стол болуп өттү.

Иш чара учурунда атайын адистер тарабынан, аялдар арасында сүт безинин рагын алдын алуу маалымдуулук айында жасалган бардык иштер талкууланды. Жыйынтыгында, текшерүүдөн өткөн аялдар арасынан сүт безинин рагына шектенүү учуру катталгандарга, тереңдетилип дарылануу үчүн Улуттук онкология борборуна жолдомо берилгени маалымдалды.

Жолугушууга, КР Саламаттык сактоо министрлиги, ДССУ, Улуттук онкология жана гематология борбору, Ош облустар аралык онкология борбору, РДЧжМК борбору, Чек арасыз дарыгерлер уюму, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы, Ош, Жалал-Абад облустарынан медициналык өкүлдөр онлайн катышышты.  

Leave a Reply

Your email address will not be published.