ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстан менен Кореянын кызматташуусунун алгачкы үзүрү

202

2017 – жылдын 27- декабрында Республикалык ден соолукту чыӊдоо борборунда (РДЧБ) Консултативдик кенешменин долбоорунун отуруму ѳткѳрүлдү. Отурумда    долбоордун  жетекчиси Шин Хен Сук  2017- жыл ичинде  жүргүзүлгөөн иштердин жыйынтыгы менен бөлүшүп,  2018- жылга карата аткарыла турган иштердин планын менен тааныштырды. 

Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө №12 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ)  директорунун орун басары Диляря Табалдиевна долбоордун жардамы  аз кандуулукту алдын алууга жүргүзүлгөн профилактикалык иштер боюнча  маалымат берди.  Анын алкагында, № 12 ҮМБнын  медициналык кызматерлеринин потенциалын жогорулатууга,  жаңы конуштарда калктын маалыматтулугун жогорулатуу үчүн атайын семинарлар ишке ашкан. Ошондой эле, аз кандуулук оорусу менен ооруган балдарды дары-дармек менен камсыз кылууга көмөктөшүшкөн.

Ленин районунун акиминин  социалдык маселелер боюнча орун басары Жамал Мамытова, – эне жана баланын ден соолугун чыңдоо жана аз кандуулукту  алдын алуу үчүн  коомчулук менен байланышты күчөтүүгө саламаттык комитеттеринин ишин  жандандыруу зарылдыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 12-майда   Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору  менен Корея Республикасынын КЕНГ ХИ (КHU) университетинин ортосунда   «Бишкек шаарынын  жаңы конуштарында (Ак- Өргө, Ак- Ордо) мектепке чейинки балдардын ден соолугун жакшыртуу» боюнча жардам берүү максатында  кызматташуу Меморандумуна кол коюлган. Ага ылайык, 7 жетекчиден турган консултьтативдик комитет түзүлүп, төрагалыкка   РДЧБнын директору Гульмира  Айтмурзаева  дайындалган.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.