COVID 19

Кыргызстанда COVID-19га каршы антителолордун бар экендигин изилдөөнүн үчүнчү этабы жүрүп жатат

533

Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттулугун көзөмөлдөө чөйрөсүндө федералдык кызматы менен кызматташуунун алкагында 31-октябрдан 4-ноябрга чейин ар кандай курактагы топтордо калктын SARS-CoV-2 вирусуна каршы иммунитетин баалоо боюнча изилдөө жүргүзүлүүдө.

Анализ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Профилактикалык медицина» коомдук уюмунун базасында Санкт-Петербургдагы Пастер эпидемиология жана микробиология илим изилдөө институтунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Изилдөөгө 2021-жылы жана 2022-жылдын башында биринчи жана экинчи турда текшерүүдөн өткөн 9,5 миңдей адам катышууда. Бул үчүн өлкө боюнча 69 тандоо пункттары ачылган.

«Бул изилдөө жалпы илим үчүн жана COVID-19нын алдын алуу боюнча биздин келечектеги иш-аракеттерибизди аныктоо үчүн абдан маанилүү. Изилдөө коронавируска каршы иммунитети ооруп, эмдөө алгандардын канча убакытка созуларын аныктоого жардам берет, бул эпидемиянын жайылышын алдын ала айтууга жана ошого жараша эпидемияга каршы иш-чараларды пландаштырууга мүмкүндүк берет», – деди Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө илимий-практикалык борборунун башкы дарыгери Зуридин Нурматов.

 «Россия Федерациясында 2020-жылдан бери, COVID-19 пандемиясынын башталышынан бери калктын иммунитетин изилдөө боюнча серо-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп келет. Келечекте терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн коронавирустук инфекцияга каршы иммундук жооптун деңгээлин билүү маанилүү болчу. Эми мындай изилдөөлөр Белорусияда, Тажикстанда, Арменияда жана Кыргызстанда үчүнчү жолу жүргүзүлүүдө», – деди Санкт-Петербургдагы Пастердик эпидемиология жана микробиология илим изилдөө институтунун Борбордук клиникалык диагностикалык лабораториясынын (CCDL) башчысы Ирина Дрозд.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.