ЖАҢЫЛЫКТАР

«Ынтымак жолу» Бишкекте: студенттер маданий пикир алмашуу үчүн биригишет

830

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана «Салымбеков Университетинин» студенттери ар кандай маданияттарды жана улуттарды бириктирген интеллектуалдык-көңүл ачуу викторинасынын катышуучулары болушту.

Викторинанын шарттары командаларды түзүүнү камтыды, алардын ар биринде Кыргызстандан ар тарабынан келген жергиликтүү студенттер дагы, ошондой эле Индия жана Пакистандан келген чет өлкөлүк студенттер дагы болду.

Бул катышуучулар үчүн бири-бири тууралуу билүүгө жана ар кайсы өлкөлөрдүн маданият жана тарыхы жаатындагы өздөрүнүн билимдери жана кызыкчылыктары менен бөлүшүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү.

Викторинанын интеллектуалдык курамы улуттук каада-салт, бийлөө, ашкана, адабият жана башка көп нерселер тууралуу суроолор менен ар түрдүү жана кызыктуу болду.

Бардык суроолорго туура жооп берүү оңой болгон жок, бирок өз ара түшүнүшүү жана өз ара колдоо көрсөтүү жеңишке жетүүгө жардам берди. Байгелүү орундарды жеңген командалар дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты.

Студенттер оюндан таасирленишти. Алар уюштуруучуларга бири-биринен үйрөнүү эле эмес, ошондой эле жаңы досторду табууга мүмкүн болгон өзгөчө атмосфера түзгөндүгү үчүн өз ыраазычылыгын билдиришти.

«Бүгүн мен Кыргызстан, Индия, Пакистан жана Бангладештен келген студенттер менен Квиз Найтка катыштым. Мен бул оюн бизге достук мамилелерди түзүүгө жардам берди деп эсептейм. Уюштуруучуларга ушундай жакшы иш-чаралар үчүн ыраазычылык билдиргим келет» – Мухаммад Сулайман, КММАнын студенти.

«Бизде КММАда чет өлкөлүк студенттер менен жакшы достук мамиле өкүм сүрөт. Ушундай иш-чаралар тез-тезден болуп туруусун каалайт элек, мен аларга кубануу менен катышмакмын», – Айчүрөк Маматурдиева, КММАнын студенти.

«Бул иш-чара өтө эбегейсиз, бул сөз менен жеткире алгыс эмоциялар. Башка улуттар менен ушинтип достук мелдештерде гана жакындашууга болот деп эсептейм. Биз команда түздүк, аталышын жана визиттик карточканы чогуу, шайкештик менен ойлоп таптык. Мен көптөгөн адамдар менен тааныштым, биз телефон номерлерибиз менен алмаштык. Мындай иш-чаралар эл аралык достукту чыңдайт. Дагы сөзсүз катышам!» – Кубанжан Дозалиев, КММАнын студенти.

«Ушул иш-чарага катышкандыгыма абдан кубанычтамын, Пакистан жана Индиянын маданияты тууралуу көп кызыктуу нерселерди билдим. Бул менин чет өлкөлүк студенттер менен пикир алышуудагы биринчи тажрыйбам болду. Билесиздерби, бул абдан кызыктуу тажрыйба. Биз телефон номерлерибиз менен алмаштык, мындан ары достук баарлашуубузду улантабыз деп ишенемин», – Нускайым Сабиталиева, «Салымбеков Университетинин» студенти.

«Мен ушул окуянын бир бөлүгү болгонума бактылуумун.  Кыргызстан – мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү, бул окуу үчүн мыкты жер, бул жерде студенттер үчүн, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бардык адамдарга Кыргызстанга келип кетүүнү сунуш кылам!», – Арсалан Хамза, КММАнын студенти.

Иш-чара «Ынтымак жолу» долбоорунун алкагында уюштурулгандыгын белгилей кетмекчибиз.

Долбоорду Миграция боюнча эл аралык өнүктүрүү уюму фондунун (IDF) каржылык колдоосу астында КР ССМга караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы (ДЧА) ишке ашырып жатат.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.