Балдарга кам көрүү

КЫРГЫЗСТАНДА ПОЛИОМИЕЛИТ ООРУСУНА КАРШЫ ОРДУН ТОЛУКТООЧУ ЭМДӨӨ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖҮРҮҮДӨ

299

Кыргызстанда 2018-жылы полиомиелитке (балдардын шал оорусу) каршы ийне аркылуу берилчү жаңы, жансыздандырылган ИПВ вакцинасы колдонула баштагандыктан 2016-2017-2018-жылдары төрөлгөн балдар бул эмдөөнү албай калышкан болчу. Ага ылайык жалпы республика боюнча 19-апрелден 19-майга чейин полиомиелитке каршы ордун толуктоочу эмдөө кампаниясы жарыяланган. Вакцинаны үч жана беш жаштагы, тагыраагы, 2016-жылдын 1-апрелинен тарта 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар алат.
Ош шаары боюнча ИПВ вакцинасы 12 576 балага жасалышы керек. Бул иш планы бир айдын ичинде 70% аткарылганын иммунологдор билдиришти.

Арген Бактияр уулу

Ош шаарынын тургуну

Leave a Reply

Your email address will not be published.