АИВ/ЖИКС

Кыргызстанда В, С вирустук гепатитинин жана ВИЧ оорусунун таралышын жана тобокелдик факторлорун баалоого багытталган улуттук изилдөө башталат

2026

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2024-жылдын 24-июнунан тартып Кыргыз Республикасында В, С вирустук гепатитинин жана ВИЧ оорусунун таралышын жана тобокелдик факторлорун баалоого багытталган улуттук изилдөө башталат.

Изилдөө Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын камтып, анда капыстан тандалган үй-чарбаларынын жарандары арасында жүргүзүлөт.

Изилдөөнүн негизги максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын арасында В, С вирустук гепатитинин жана ВИЧ оорусунун таралышы боюнча так маалыматтарды алуу. Бул маалыматтар эффективдүү алдын алуу стратегияларын иштеп чыгуу жана коомдук ден соолукту чыңдоо үчүн зарыл.

Бул изилдөөгө кимдер катышат?

Изилдөө КР Саламаттык сактоо министрлигинин даярдалган атайын командасы тарабынан, тандалган үй-чарбаларындагы 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана 18 жаштан жогорку курактагы адамдар арасында сурамжылоо жүргүзүлөт жана венадан кан алынат.

Изилдөө сурамжылоону жана венадан кан алууну камтыйт

Сурамжылоо- катышуучуларга оорунун тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн суроолор берилет

Венадан кан алуу- В, С вирустук гепатиттеринин жана ВИЧ оорусунун таралышын изилдөө

Окууну уюштуруу:

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин интервью алуучулар үйлөрдү кыдырып, жаран арасынан сурамжылоо өткөрөт жана венадан кан алышат. Бардык интервью алуучулар коопсуздук үчүн атайын «РЦКГВГиВИЧ” таануу белгиси бар беджик тагынышат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.