Дени сак шаар

Дени сак шаар: Балыкчыда

714

2023-жылдын 14-ноябрында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жашы улгайган адамдардын ден соолугуна өзгөчө кам көрүү боюнча жолугушуу өткөрдү.

 «Дени сак шаарлар» долбоорунун алкагында “Карылардын ден соолугуна кам көрүү” программасы боюнча Ысык-Көл облусунун  Балыкчы шаары резолюция кабыл алган.

Иш-чара – “Дени сак шаарлар” долбоору боюнча маалымдуулукту жогорулатуу,  ошондой эле программанын алкагында шаардагы улгайган адамдардын ден соолугуна өзгөчө кам көрүү максатын көздөйт.

Тегерек столго РДЧжМК борбору тарабынан атайын Талас облусунун Талас районунан конок катары чакырылган Кубанычбек Жаманкулов физикалык активдүүлүккө кызыкдар болгон адам катары катышты. Анткени Талас районунда “Улгайган адамдардын ден соолугуна эрте кам көрүү жана күнүмдүк жашоодо физикалык активдүүлүктү адатка айландыруунун пайдалуулугу боюнча, өз күчү менен атайын акысыз машыгуу залын ачып, эл оозуна алынган. Физикалык активдүүлүктү адатка айландыруу ден соолукка өтө пайдалуу экендигин түшүнгөн жергиликтүү тургундар учурда Кубанычбек Жаманкуловду өздөрү издеп келген деңгеелге жеткен. Машыгуучу залдын тренери дал ушул багытта, Балыкчы шаарындагы жолугушууда  өзүнүн жетишкендиктери, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бул саамалыкка Балыкчы шаардык ЖДПБнун жетекчиси, ДЧК адистери, Мэрия жана муниципалдык мекмелеринин өкүлдөрү, шаардык активисттер активдүү катышышып, улгайган адамдардын ден соолугуна өзгөчө кам көрүү маселеси абдан маанилүү экендигин баса белгилешти. Жыйынтыгында бул тема боюнча шаар тургундары мурдагыдан дагы жакшы деңгээлде, биргеликте иш алып барууну талкуулашып, РДЧжМК борборуна жана Таластык тренер Кубанычбек Жаманкуловго ыраазычылык билдиришти.

“Келечекте ар бир шаар, шаардыктардын ден соолугун жакшыртууга жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган инновацияларды жана секторлор аралык демилгелерди алга жылдыруучу саясий, маданий жана экономикалык жашоо борбору болот”, — деп белгиледи РЦУЗиМК “дени сак шаарлар” долбоорунун координатору Жыргал Молдоакматова.

https://www.instagram.com/p/CzohMr2N-uG/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

Leave a Reply

Your email address will not be published.