Кыргызстандын жашоочулары вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун биргелешкен илимий долбооруна катышуу менен акысыз текшере алышат.
Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо министринин 27.10.2023-ж. №1273 буйругу менен Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун базасында вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга калктын популяциялык иммунитетин баалоо максатында Кыргызстандын тургундарын кызамык, кызылча, паротит, SARS-CoV-2 вирусуна, А, В, С, В, Е вирустук гепатиттерине 13.11.2023-жылдан 25.11.2023-жылга чейин акысыз тестирлөөдөн өткөрөт.
Популяциялык иммунитеттин абалы жөнүндө маалымат санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды, анын ичинде айрым региондогу, ошондой эле жалпы республика боюнча калкты инфекцияларга каршы эмдөөнү пландаштыруу үчүн зарыл.
Тизмедеги инфекцияларга каршы антителолорду изилдөө жыйынтыгы ар бир катышуучу ыктыярчыга берилет.
Изилдөөгө катышуу үчүн анкетадан өтүү керек:
https://pasteurclinic-anketa.ru/all_antitela.php?reg_id=102
Categories: COVID 19, Алдын алуу, Жугуштуу оорулар, Иммунитетти жогорулатуу