COVID 19

Кыргызстандыктар ПЧР-тестсиз кайсы өлкөлөргө бара алышат?

803

Кыргызстандыктар ПЧР-тестсиз кайсы өлкөлөргө бара алышат?

КМШ өлкөлөрүнө кирүү

 Азербайжан Республикасына, Армения Республикасына, Беларусь Республикасына, Казакстан Республикасына, Кыргыз Республикасына, Өзбекстан Республикасына, Россия Федерациясына киргенде ПЧР-тест талап кылынбайт.

Грузия

 2022-жылдын 15-июнунан тарта Грузиянын жарандарынан же Грузияга бара турган чет мамлекеттердин жарандарынан мындан ары COVID-19 вакцинасынын сертификатын же ПЧР-тестинин терс натыйжасы тууралуу маалымдаманы көрсөтүү талап кылынбайт.

Түркия

 1-июндан тарта Түркияга киргенде ПЧР-тест же антиген анализинин жыйынтыгын көрсөтүүнүн кажети жок.
Бир күн мурун өлкөдө ооруканалардан тышкары, коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу талабы жоюлган.
“Кирүүгө чейин 72 саатка чейин эч кандай терс ПЧР-тестинин отчету же өлкөгө кирген учурдан 48 сааттын ичинде жасалган антигенге ыкчам тест талап кылынбайт”

Кипр

2022-жылдын 1-июнунан тартып Кипр туристтердин кирүүсүнө бардык ковиддик чектөөлөрүн алып салды. Кипр Республикасына келген бардык саякатчылардан, алардын келген өлкөсүнө карабастан, эмдөө же ооруп айыкканы жөнүндө жарактуу күбөлүк же терс ПЧР-тест же антиген тестинин натыйжасы талап кылынбайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ПЧР-тесттин болушу тууралуу талап 2022-жылдын 1-майынан тарта жоюлган.

ЭМДӨӨ – өзүңүздү жана жакындарыңызды COVID-19дан коргоонун эң ишенимдүү жана натыйжалуу жолу.

Leave a Reply

Your email address will not be published.