COVID 19

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАКТАРЫНДА КАЛКТЫ COVID-19ГА КАРШЫ ЭМДӨӨ БОЮНЧА МАСШТАБДУУ АКЦИЯЛАР ӨТҮП ЖАТАТ

341

Бүгүн, 2-сентябрь Баткен шаарында коронавирус илдетине каршы эмдөөгө үндөгөн облустук акциясы старт алды. Анда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунун ден соолукту чындоо кабинетинин кызматкерлери жана биргелешкен борбордук оорукананын даарыгерлери, облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында таажы вирусуна каршы эмдөө боюнча 5 миң маалымат баракчасы таратылды.
Акцияда Баткен облустук үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунун башчысы, саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбаев да сөз сүйлөп, калкты ооруга каршы вакцина алууга чакырды. Акциянын катышуучулары Баткен шаарынын борбордук базарынын көчөлөрүндө жөө жүрүш өткөрүштү. Бул акция облустун бардык райондорунда, шаарларында жана айылдык аймактарында 10-сентябрга чейин ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери жана айылдык ден соолук комитеттеринин ыктыярчылары тарабынан жүргүзүлөт.

КАЛКТЫ COVID-19ГА КАРШЫ ЭМДӨӨ БОЮНЧА МАСШТАБДУУ АКЦИЯ ОШ ОБЛУСУНДА ӨТҮП ЖАТАТ

КАЛКТЫ COVID-19ГА КАРШЫ ЭМДӨӨ БОЮНЧА МАСШТАБДУУ АКЦИЯ ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДА ӨТҮП ЖАТАТ

КАЛКТЫ COVID-19ГА КАРШЫ ЭМДӨӨ БОЮНЧА МАСШТАБДУУ АКЦИЯ АЙДАРКЕН ШААРЫНДА ӨТҮП ЖАТАТ

Leave a Reply

Your email address will not be published.