Алдын алуу

Колду самын менен жууган өмүрдү сактап калат

750

Колду самын менен жуу

Колду самын менен жууган өмүрдү сактап калат. Бул абдан маанилүү кайрылуулардын бири, себеби ал ич өткөктүн жана курч кармаган дем алуу жолдорунун инфекцияларын алдын алуунун өтө жөнөкөй жана өтө натыйжалуу жолу.

Балдар муну билиши керек:

• Колду жалаң эле суу менен жууган жетишсиз – самынды дайыма колдонуу керек.

• Колду самын менен жууй турган кооптуу учурлар:

(1) дааратканадан кийин;

(2) тамак ашка кол тийгизээрде же тамак жээрдин алдында;

(3) баланын көчүгүн жуугандан кийин жана баланы тоскондон кийин, баланы дааратканага алпарып келгенден кийин.

Балдар жана чоң кишилер көпчүлүк учурда, алар колун самын менен жууш керектигин билишет, бирок ар кандай себептер менен муну жасашпайт, мисалы, «менин колум кирдеген жок» же «Мен колумду жууш керек экенимди, билем, бирок мен жуубай койсом эч ким деле муну байкабайт» деп жооткотушат. Эски адаттарды өзгөртүү Бул кооптуу учурларда колун самын менен жууш керектигин эстеп калуу көпчүлүк учурда эски адаттардан арылууга алып келет. Бул албетте оңой эмес, биринчи эле сабактан кийин жүрүм-турум адаттары өзгөрүп кетпейт. Ал үчүн мугалимдер жана үй-бүлөлөр тарабынан үзгүлтүксүз аракеттер керек. Гигиена боюнча жаңы жүрүм-турумду калыптандыруу адамдарды ишендирүүнү талап кылат. Ал демейде «түрткү берүү» формасында болот – көргөн же уккан тажрыйбаны далил катары келтиришет. Бул адамдарды өзгөрүүгө шыктандырат, себеби алар капыстан эле мунун чыныгы себептерин көрө башташат.

Сиз заңды жейт белеңиз?

Заңды (какашкаларды) жейсиңби деген сөздүн өзү эле өтө жийиркеничтүү. Бирок дааратканага барып келгенден кийин жана тамак ичүү алдында колду самындап жуубаса ал ошондой эле болот. Колдор, заара-заңдарда болгон оору чакыруучу патогендер (мителер, бактериялар) менен аргасыз байланышта болот. Бул мите курттар көрүнбөйт, бирок алар ал жакта. Жуулбаган колдор тамак-ашты кармайт, андан кийин албетте ал патогендер тамак аштар менен бирге оозго келип түшөт. Качан гана балдар жана чоң адамдар муну түшүнүп баштаганда алар өздөрүн жаман сезе башташат. Бул жаман болуу сезими аларга колдорун дайыма самындап жууп туруш керек экендигин эсинен чыгарбоого түрткү болот.

Колду самындап жууган жакшы адаттарды калыптандыруу

Балдарга бир адамдан экинчи адамга мите курттар жуга тургандыгын айтып окутуу анча, кызыксыз болушу мүмкүн. Бала колун самындап жууп жатканда ден соолук жөнүндө ойлоноору күмөн. Ошон үчүн кандай болсо да, алар кызыккандай себептерди издөө жана түшүндүрүү колду самындап жуудурууга багытталган олуттуу кадам болуп саналат. Колду самындап жууш керектигин ар бир баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жаңыча жана шайкеш түшүндүрүүнүн, жеткирүүнүн жолдорун издөө жана колдонуу натыйжа бериши мүмкүн. Оюндар, театрлаштырылган оюн-зооктор, ырлар, ыргактар жана обон, күүлөр мунун баары балдардын көңүл ачуу менен бирге маанилүү маалыматты эстеп калышына жардам берет.

Кол жууганга керектүү буюмдар Ар бир мектепте даараткананын жанында кол жууй турган жайлардын болушу шарт. Кол жуугучтардын ар кандай түрлөрү бар, мисалы, түбү өйдө каратылган кран (пластик бөтөлкө) жана башка туруктуу куралдар – ылайыкталып тешилген суу түтүктөрү. Мындай жайлардын жанында дайыма самын жана суу болушу керек экендигине балдар кам көрүшүнө өбөлгө түзөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.