Жугуштуу оорулар

Кызамыктын чыгышы. «Исламда эмдөөгө каршылык жок»

589

«Ден соолукту сактайлы» коомдук фонду Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун колдоосу менен Ош шаарындагы дин өкүлдөрүнө кызамыкка каршы эмдөө маселеси боюнча тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдо бүткүл дүйнөдөгү жана республикадагы кызамыктын эпидемиологиялык абалы, оору жана анын татаалдашуулары, кызамыкты алдын алууда колдонулган КПК, ККВ вакцинасынын курамы тууралуу маалымат берилди.

Тегерек столдун жүрүшүндө Ош Облустук мусулмандар казиятынын орун басары Анарбек Жусупов белгилегендей:

«Эгерде дары жалгыз болсо жана анын натыйжалуулугу тастыкталса – ал адамды коргойт жана сактап калат, анда бул учурда, шексиз, аны пайдаланууга милдеттүү. Эмдөөнүн пайдасы жана зыяны медицина илимине таандык. Ал эми бул учурда шарият чечими ишенимдүү медициналык жыйынтыкка негизделет. Демек, исламда эмдөөдөн зыяны болбосо, эмдөөгө каршылык жок”.

Мындай тегерек стол буга чейин Бишкекте өткөрүлгөндүгүн белгилей кетмекчибиз. Чүй областынын диний лидерлери дагы оорулардын алдын алууда эмдөөнүн маанилүү роль ойной тургандыгын жана динге ишенгендер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published.