Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдетинин азыркы учурдагы эпидемологиялык абалы, өтө курч бойдон сакталууда, мындан улам ар бириңиздер өз ден соолугуңуздардын коопсуздугу үчүн КОВИД 19 га каршы эрежелерди толук түрдө сактаңыздар.
▲ Бардыгы болуп бир сутка ичинде COVID-19 585 адамдан табылды.
▼ Бардыгы болуп бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен, пневмонияны эсепке алганда 360 адам сакайып чыкты.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,4 түздү.
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурларынын саны 6га жетти.
Акыркы сутка ичинде ПЧР изилдөө 4698 адамга жүргүзүлгөн.
Стационарда 2403 бейтап дарыланып жатат.
Амбулатордук дарыланууда – 4803 бейтап бар.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5114 учур катталган, алардын ичинен 4761 медкызматкер сакайды.
Республикалык штаб жарандарды, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого чакырат. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди тыкыр сактоону өтүнөбүз.
Categories: COVID 19, ЖАҢЫЛЫКТАР