COVID 19

Министрлик эскертет, инфекциялардын жаңы толкуну чыгышы мүмкүн беткап тагынуу эрежесин сактоо сунушталат

239

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Штабдын жыйынынын жүрүшүндө республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле калкты эмдөөнүн жүрүшү каралды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, азыркы тапта инфекцияны жугузуу учурларынын санынын кыскаруусу байкалууда. Ошону менен бирге ведомство жарандарга адамдар көп топтолгон жерлерде беткап тагынуу эрежесин сактоону сунуштайт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов калкты коронавируска каршы эмдөө кампаниясын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Коронавируска каршы бирден бир коргонуу жолу бул эмдөө, өзгөчө өнөкөт оорулары бар жана улгайган адамдар үчүн. ДССУнун маалыматы боюнча, жакынкы айларда өлкөлөрдө SARS-CoV-2 учурларынын, ооруканага жаткыруулардын жана өлүмдөрдүн бир же бир нече өсүшү байкалышы мүмкүн, бул сасык тумоо жана башка респиратордук инфекциялардын көбөйүшү менен коштолушу же коштолбошу мүмкүн, мисалы респиратордук синцитиалдык инфекциялар козгогон. Жаңы штаммдардын же SARS-CoV-2 сублинияларынын пайда болушу ооруканага жаткыруулардын жана адам өлүмү учурларынын өсүшү менен коштолгон жаңы толкундарга алып келиши мүмкүн, бул медициналык мекемелердин жүктөмүнүн көбөйүшүнө таасир бериши ыктымал», – деди ал. 

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.