ЖАҢЫЛЫКТАР

Сүт безинин рагыны эрте аныктоо ден соолукту жана өмүрдү сактоо мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт!

435

Сүт безинин рагы – Кыргызстандагы аялдар арасындагы эң эле кеңири тараган онкологиялык оору. Эрте баскычында оору симптомдорсуз өтөт жана кеч баскычтарында билинет. Сүт безинин рагы менен күрөшүүнүн жалгыз ыкмасы өз учурундагы аныктоо болуп саналат.

Профилактика рака | Блог о здоровье в клинике "Скандинавия"

Ошондуктан 40 жашка чейинки аялдар сүт бездерин ультра добуштуу изилдөөдөн, ал эми 40 жаштан кийин – маммографиядан өтүүлөрү керек. Эрте аныктоодо сүт бездерин өз алдынча текшерүү маанилүү роль ойнойт, аны айына 1 жолу жасоо зарыл.


Ооруну эрте баскычта аныктоого кайсы симптомдор жардам берет?

-Күрөктөгү же колтуктагы түйүн же катуулануу

-Теринин кызарышы, кургашы жана тартылышы («лимондун кабыгына» окшош)

-Үрптөн суюктуктун чыгышы, анын ичин көздөй кириши

Улуттук онкология борборунда сүт безинин рагын диагностикалоо жана дарылоо  боюнча "алтын стандарт" киргизилди - Булак

Белгилер пайда болгондо кайсы жакка кайрыла аласыз?

Алгач жашаган жери боюнча фельдшердик-акушердик пунктка же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылуу керек.

Медициналык кызматкер сурамжылоо жүргүзөт, медициналык картаны толтурат жана зарылчылык болсо, Үй-бүлөлүк медицина борборуна же Жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна тереңдетилген изилдөөгө жолдомо берет.

Үй-бүлөлүк медицина борборунан же Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунан сиз дарыгердин кеңешин аласыз, текшерүүдөн жана сүт бездерине ультра добуштуу изилдөөдөн өтөсүз. Сүт безинде өзгөрүүлөр болгон учурда сизди Улуттук онкология жана гематология борборуна жөнөтүшөт.

Борбордун дарыгерлери дартты аныктоо жана кошумча текшерүү ыкмаларын жүргүзүшөт. Сүт безине маммография, биопсия жана гистологиялык изилдөө жүргүзүлөт.

Эрте аныктоо ден соолукту жана өмүрдү сактоо мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт!

Leave a Reply

Your email address will not be published.