COVID 19

Наталья Добрынина: COVID-19га каршы эмдөө эндокриндик оорулары бар адамдар үчүн коопсуз

1076

Эндокриндик оорулары бар адамдар үчүн COVID-19 узакка созулган ковидден кийинки синдромдун болуусу менен коркунучтуу. Ошондуктан медицина кызматкерлери кант диабети менен ооруган жана семирүүдөн жабыркаган бейтаптарды вакцина алууга чакырат. Эмдөө коопсуз жана алардын ден соолугу жана өмүрү үчүн тобокелчиликтерди азайтууга жөндөмдүү. Бул тууралуу КР ССМнын Эндокринологиялык борборунун башкы дарыгери Наталья Добрынина баяндады.

— Кыргызстандыктардын арасында Кыргызстан коронавирусту жеңгендиги тууралуу сөздөр эчактан бери эле айтылып жүрөт. Оору жуктуруп алуунун жаңы учурлары катталып жатса дагы, алар бирин-серин. Бул эми тынчсызданбай эле коюу керектигин бидиреби же азырынча жайбаракаттанууга эртеби?

— Байкалып тургандай тынчтануу бар, бирок дүйнө жүзүндө жаңы штаммдар пайда болууда жана кайсы бир убакыттан кийин Кыргызстанда дагы кезектеги толкун болушу ыктымалдуу. Бери дегенде эле бизде эки жыл катары менен июль айында жетишерлик олуттуу кесепеттери менен оору жуктуруп алуулардын толкуну болду. Биздин эндокриндик патология менен жапа чеккен бейтаптарыбыз дагы, өзгөчө кант диабети жана семирүүдөн жапа чеккен адамдар тобокелчилик тобунда турушат.

—  COVID-19ду жуктуруп алып жаткандардын көпчүлүгү жеңил же орточо оордуктагы формада ооруп жаткандыгын айтышат. Сейрек учурлар бейтаптын ооруканага жатып калуусуна алып келүүдө.

—  Азыр оорунун өзүнүн өтүүсү эмес, узакка созулган ковидден кийинки синдрому коркунучтуу, көпчүлүк адамдарда ал бир жыл жана андан көп убакытка созулуп жатат. Ал көрүнүп турган астения, неврологиялык симптоматика жана бир катар башка көрүнүштөр, анын ичинде тромбоз, инсульт, инфаркт менен ооруп айыккандан кийинки тобокелчиликтер, бронхөпкө патологиясынын, жүрөк-кан тамыр ооруларынын күчөшү менен коштолот. Дагы эле биздин бейтаптар тобокелчилик тобуна кирет. Ошондуктан биз эмдөө эндокриндик оорулары бар бейтаптарда ушул оордошууларга бөгөт коюуга жардам берет деп айтабыз. Эмдөө дагы оорунун оор өтүшүнөн жана өлүм менен аяктаган учурлардан алыс болууга жардам берет.

— Өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн коронавирус инфекциясына каршы эмдөө канчалык коопсуз?

— Эмдөө коопсуз жана көптөгөн өлкөлөрдө ал гана эмес балдарга дагы уруксат берилген. Башкача айтканда биз COVID-19га каршы вакциналарды балдарга уруксат беришкендиги тууралуу айтып жатабыз, бул аларды өнөкөт патологиясы бар бейтаптар дагы коркпостон алууга болот дегенди билдирет.

Албетте, бул ар бир адамдын тандоосу, бирок биз бейтаптар дарыгерлерди угушат жана адам эмдөө алгандан кийин көбүрөөк корголо тургандыгын түшүнөт деп ишенебиз. Анткени организм вирус менен тааныш болгондо, кайсы гана болбосун оору жеңилирээк өтөт эмеспи. Биз азыр дагы эле гриппке каршы эмдөө алуудан баш тарткан жокпуз да? Ал эми биздин кант диабети менен жабыркаган бейтаптарыбызга коронавируска каршы эмдөөдөн тышкары жыл сайын жасоо керек болгон башка бир катар вакциналар дагы көрсөтүлгөн.

—  Кандай учурларда коронавируска каршы эмдөөгө такыр тыюу салынат?

— Эмдөө жасаганга болбой турган абсолюттук каршы көрсөтмөлөр бар, бирок алар өтө аз. Биринчи кезекте, бул вакцинанын компоненттерине жекече туруштук бере албоочулук. Ошондой эле оору курчуган мезгилде: кант диабети менен ооруган бейтаптын канындагы канттын деңгээли абдан термелип турганда, сезгенүү процесси жүрүп жатканда эмдөө жасаганга болбойт, бул вирустук инфекция болушу мүмкүн. Калган бардык мезгилдерде абал турукташкандан кийин эмдөө алган жакшы.

— Вакцина коронавирус менен ооруп калууга алып келиши мүмкүнбү?

—  Эмдөө ооруп калууга өбөлгө түзөт деп айтып жатышканы жалган. Эгерде бейтап эмдөө алгандан кийин ооруп калса, анда ал эмдөө алып жаткан мезгилде эле ооруну жуктуруп алган болушу мүмкүн. Вакцина температуранын жогорулашы жана ийне сайылган жердеги ооруксунуу түрүндөгү кошумча таасирлерди бериши ыктымал, бирок бул симптомдор болгону бир-эки күнгө созулат.

—  Эгерде коронавируска чалдыккан адам оору өнүккөнгө чейин вакцина алса, ал таасирин тийгизеби?

—  Кайсы гана болбосун вакцина организмди инфекцияны чакырган бактерия же вирус менен тааныштыруу жана аны менен күрөшүүгө үйрөтүү үчүн түзүлгөн. Вакцина – бул дарылоо үчүн биз колдонуп жаткан сыворотка эмес. Бул жерде такыр башка механизм иштейт. Медициналык пунктка кайрылганда дарыгерлер дарылоочу препараттар жана биз алдын алуу үчүн колдонуп жаткан вакциналардын ортосундагы айырмачылык эмнеде экендигин түшүндүрүшөт.

Эгерде адам ооруп калган болсо, ал эмдөөнү ооруп айыккан соң, жок дегенде бир-бир жарым ай өткөндөн кийин ала алат.

– COVID-19 менен ооруп айыккан адамга эмделүүнүн эмне кереги бар? Ал адамда табигый иммунитет калыптанышы керек эмеспи?

—  Биз азыр бейтапта болушу мүмкүн болгон антителолордун титрлерин (деңгээл – ред.) карабайбыз. Биз келечекте бул адамда инсульт, инфаркт жана тромбоздордон болгон мезгилсиз өлүмдөр сыяктуу оор татаалдашуулардын тобокелчилиги азыраак болушу үчүн алардын таасирин узартууга карайбыз. Анан албетте кант диабетинин өзүнүн өтүүсүнүн оордошуу тобокелчилигин азайтууну максат кылабыз. Ошондуктан кайсы гана болбосун сезгенүү процесси, анын ичинде коронавирус инфекциясы, биздин бейтаптарыбызда кетоацидоз, организмдин гипогликемиялык реакциясын пайда кылышы мүмкүн. Бул оордошуулар дагы өлүмгө алып келиши мүмкүн.

*Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен «Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө» (LHSS) долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн «Үй бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси жооптуу, ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.