Балдарга кам көрүү

Ош облусунда кызамык жана кызылча оорусу боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын жыйыны болду

758

Ош облусунда кызамык жана кызылча оорусунун эпидемиологиялык абалынын күчөшүнө  байланыштуу, алардын жугуусунун негизги себептерин тактоо жана жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде көчмө оперативдүү штаб түзүлдү.

Штабдын жыйынына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, оорунун алдын алуу жана мамлектеттик санитардык эпидемиялогиялык  көзөмөл бөлүмүнүн инфекциялык жана мите ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышууда.

Күн тартибинде кызамыктын очогун локалдаштыруу жана андан ары жайылтпоо боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы  күрөшүү иш-чараларды өткөрүү маселеси каралды.

Ошондой эле, КР Саламаттык сактоо министрлигинин көчмө оперативдүү штабынын протоколдук буйругу менен чаралар көрүлдү. Иш сапардын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, бөлүм башчылары менен ооруканаларда бейтаптар аныкталган учурда иш-чараларды жүргүзүү тактикасы боюнча жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.

Ушундай эле жолугушуулар баштапкы медициналык-санитардык жардамдын үй-бүлөлүк дарыгерлери менен өткөрүлдү. Профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, 1 жана 6 жаштагы балдарды кызамык жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөө менен камтууну жакшыртуу жана ата-энелер менен баш тарткандар арасында эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: Кызамык – аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу вирустук оору.

Иммунизация кызамыкты алдын алуунун бирден бир ишенимдүү жолу болуп саналат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.