АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Папиллома вирусуна каршы вакцинаны Кыргызстанга киргизүү боюнча координациялык кеңешме өттү

807

28-октябрда Бишкекте адамдагы папиллома вирусуна каршы вакцинаны Кыргызстанга киргизүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Жыйынга Президенттик аппараттын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Республикалык эмдөө борборунун өкүлдөрү катышты. Иммунизациялоо боюнча эксперттердин көз карандысыз техникалык тобунун, Улуттук онкология жана гематология борборунун жана башкалардын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле өнөктөш агенттиктер жана уюмдар чакырылган. Атап айтканда, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА), Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому ж.б.

Республикалык Иммунопрофилактика борборунун адистери аудиторияга HPV вакцинасын Кыргыз Республикасында киргизүү боюнча аткарылган иштер жана даярдыктар жөнүндө, РДЧжМК борборунун адистери коммуникация иш-чараларын ишке ашыруу жөнүндө маалымат беришти.

Кошумчалай кетсек, Людмила Мосина, вакциналардын алдын ала турган оорулар жана иммунизация департаментинин техникалык адиси, ДСУнун Европадагы Регионалдык бюросу HPV вакцинасы боюнча сунуштарды жана ДСУнун Европа аймагындагы HPV вакцинациясына сереп салды.

Жыйындын катышуучулары Саламаттыкты сактоо министрлигинин даярдыгына баа берип, өспүрүм кыздарды иммунизациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жалпы талаптарды талкуулап, адамдагы папиллома вирусуна каршы вакциналарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Анткени, эмдөө адамдын папилломавирусунан келип чыккан жатын моюнчасынын рагын алдын алууда негизги ролду ойнойт.

Кыргызстанда өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте аялдардын жатын моюнчасынын рагына чалдыккан жылына 600дөн ашуун учурдун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын алат.

HPV вакцинациясынын эффективдүүлүгү, сапаты жана коопсуздугу боюнча далилдер ДСУ, 112 өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрликтери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, иммунизациялоо боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун колдоосу менен каралып чыккан.

Алардын бардыгы HPV вакцинасын күнүмдүк эмдөө программасына киргизүү негиздүү жана зарыл деген жыйынтыкка келишкен.

Колдонулган HPV вакциналарынын ар бири колдонууга уруксат берилгенге чейин кеңири клиникалык сыноолордон өткөн. Биринчи HPV вакцинасына 2006-жылы лицензия берилген жана андан бери 112 өлкөдө HPV вакцинасынын 270 миллион дозасы колдонулган. Жыл сайын HPV вакциналарын киргизген өлкөлөрдүн саны өсүүдө.

Эске салсак, Кыргызстанда өспүрүм кыздарды адам папиллома вирусуна каршы эмдөө 14-ноябрда башталат.

Эмдөө 11 жаштагы, ошондой эле 12-14 жаштагы кыздарга жасалуу пландаштырылууда, бирок бул HPV вакцинасы киргизилген биринчи жылы гана. Колдонулган вакцина Merck Sharp & Dohme (MSD) тарабынан чыгарылган Гардасил вакцинасы болот. “Гардасил” вакцинасы төрт валенттүү вакцина, демек, ал папиллома вирусунан — 6, 11, 16 жана 18 эң коркунучтуу жана кеңири таралган төрт түрүнөн коргойт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.