COVID 19

ПЧР-тесттин жыйынтыгын качан жана кайдан алса болот?

211

Эгерде сиз эртең менен ПЧР-тест тапшырсаңыз жана мобилдик бригада аны 19 лабораториянын (тейлөө аймагы боюнча) бирине дароо алып келсе, анда жыйынтыгы ошол эле күнү кечинде даяр болот. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Лабораториялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова билдирди.

Жыйынтыктарды:

  • лабораториянын өзүнөн колго алууга болот.
  • “COVID-19суз саякаттайм” тиркемеси аркылуу алса болот. Катталуу керек, даяр болгондо жыйынтык автоматтык түрдө көрүнөт.
  • жыйынтыктар мобилдик бригадага берилет. 118 түз байланыш номери аркылуу тактоого болот.

ПЧР-тесттин жыйынтыгы терс болгон учурда мобилдик бригада жыйынтыктарды аймактык ЖДТБ жана ҮМБларга жөнөтөт.

ПЧР-тесттин натыйжасы оң болгон учурда, мазок алууда анкетага киргизилген маалыматтарыңыз автоматтык түрдө эпидемиологдорго өткөрүлүп берилет. Эпидемиологиялык иликтөө башталат: алар бейтапты чакырып, оорунун жагдайын, байланыш чөйрөсүн, ден соолугунун учурдагы абалын билишет.

Маалыматтар үй-бүлөлүк дарыгерлерге берилет. Алар өз кезегинде бейтапты текшерүү, оорунун оор түрүндө ооруканага жаткыруу маселесин чечишет. Коронавирустун андан аркы жайылышына жол бербөө үчүн байланыштагы адамдардан ПЧР-тестке материал алынат.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.