Алдын алуу

ПОЛИОМИЕЛИТти алдын алуу

156

Полиомиелит (шал оору)-бул өмүргө коркунуч туудурган оору. Вирус адамдан адамга жугат, шал оорусуна алып келет. Оор учурларда дем алуу булчуңдары шал болуп, кээ бир учурларда өлүмгө алып келет. Ал негизинен оорулуу адамдын заңы менен булганган сууну же тамак-ашты колдонууда фекал-оралдык жол аркылуу жугат. Ооруга көбүнчө 5 жашка чейинки балдар кабылышат. Полиомиелитке каршы атайын дарылоо жок, аны алдын алууга гана болот. 1952-жылы америкалык дарыгер Жонас Салк полиомиелитке каршы вакцина жасаган. Вакцинанын жардамы менен АКШда жана Европа мамлекеттеринде  оору кескин түрдө төмөндөгөн.

Кыргыз Республикасында полиомиелит 1993-жылдан бери каттала элек, 2002-жылдан бери өлкө полиомиелит өлкөдө жок деген статусту сактап келүүдө. Бирок коңшу өлкөлөрдө бул оору катталып аткандыгына байланыштуу  азыркы күндө балдарды эмдөө улуттук календарга ылайык жүргүзүлүүдө жана шал оорусун аныктоо үчүн баардык медициналык мекемелерде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Оорунун белгилери: Вирус мурун аркылуу киргенде мурундун былжырын катуу сезгентип, оору сасык тумоо сыяктуу башталат. Башкача айтканда мурундан суу агат, дене табы көтөрүлөт, баш ооруйт, мурун бүтөт, жөтөл пайда болот. Вирус мурундун былжырында көбөйүп, оорулуунун чүчкүрүгү аркылуу бөлүнүп чыгып, чөйрөдөгүлөргө жугат. Ооз аркылуу киргенде ичегини катуу жабыркатат. Ич ооруп ич өтөт, денен табы көтөрүлүп кусат.  

Кичинесинде полиемиелитке каршы эмдөөдөн өткөн балага бул вирус чыкса жеңил өтөт жана шал оорусуна алып келбейт.

Шалга жеткирүүчү түрү: Вирус ооз аркылуу кирип, ичегини жабыркатса жана оорунун белгилери билинсе, бейтапканага алып баруу кажет. Эгерде врачка алып барбаса, убакыт өтөт да, вирус ичегиден канга өтөт. Кан аркылуу нерв системасына жетип, нерв жана жүлүн клеткаларын жабыркатып, ал клеткаларды өлтүрөт. Өлгөн нерв, булчуңду мисалы оң же сол бутту же бет булчуңун иштетсе, ошол булчуң иштебей адам шал болуп калат. Иштебей калган булчуңдан эт качып, акыры тери менен эле сөөк калат. Шалга айланган булчуң жансыз тартып, эч нерсе сезбейт.  

Өзгөчө түрү:   Полиемиелиттин медицинанын тили менен айтканда, инапаранттык деген түрү бар. Мында адам оорубайт. Бирок вирусту алып жүргөндүктөн, оорунун булагы болуп калат. Чөйрөдөгүлөрүнө ооруну жугузат. Вирус мында деле нерв системасын жабыркатып, менингит оорусун жаратат. Менингитте мээнин жука кабыкчасы сезгенет да, желке тырышып, адам башын ылдый кыла албай калат. Дене табы 39-40градуска көтөрүлүп, адам чыдагыс баш оору пайда болот. Мээнин ичинде басым көтөрүлүп, адам кусат.

Дарылоо: Вируска каршы жана оорутууну сездирбөөчү дары-дармектер, витаминдер берилет. Айтып койчу нерсе антибиотиктер вирусту өлтүрө албайт.  

Leave a Reply

Your email address will not be published.