Психикалык саламаттуулук

Психикалык абалыңызга баа бериңиз!

312

Өзүңдүн ден соолугуңду таңды жана жазды кандай кубануу менен тосуп алаарың аркылуу баала” – Генри Дэвид Торо

Биз чоңойгондон кийин көп учурда өз абалыбызды, өз ден соолугубузду унутуп коёбуз. Себеби бизге башкалар жөнүндө кам көрүү, алардын көйгөйүн чечүү маанилүү болуп калат, ал эми өзүбүз тууралуу ойлонууга убакыт жетпей калат.

Адамдын психикалык абалы менен физикалык ден соолугу бири-бири менен тыгыз байланышта. Эгер ички дүйнөдө тынчтык болбосо чарчап, көңүлү чөгүп жана бук болот. Мындай учурда адамдын организми алсыз болуп, тышкы стресстик кубулуштарга туруштук бере албай калат. Ошондой эле ага бүтүн дүйнө каршы тургандай көрүнөт. Эч нерсеге кызыкпайт, эч нерсени каалабайт, жашоо түссүз жана кызыксыз көрүнөт. Ал таарынчаак болуп калат, кээде өзүн курмандык же бирөөгө милдеттүү сезет.

Ал эми психологдор “Адам эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес!” – дешет. Адам өзү үчүн жашайт, өзүн сүйөт, коомдун бир бөлүгү болот, билим алат жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырат.
Бул – өзүмчүлдүк эмес. Тескерисинче, бул – өзүнүн ички ресурстарын жана энергиясын сактап калуу жолу. Эгерде адам өзү өзүнө жардам бере албаса, башкаларга да жардам бере албайт.
Ички тынчтыгын сактай албай психикалык жактан чарчаган адамга адистер жарым-жартылай гана жардам бере алышарын эске алуу керек, негизгиси өзүнөн көз каранды.

Ар бир адам “ЖОК” деп айтууга толук укуктуу.

Эгер бир нерсе же кимдир бирөө аны канааттандырбаса ал өзүнө жакпаган иштерден баш тарта алат жана тынчтыкты тандап алууга акысы бар, бул ар бир адамдын табигый укугу болуп эсептелет. Себеби терс энергия, тынчсыздануу, үзгүлтүксүз стресс – мунун баары ден соолукту начарлатат.

Психикалык ден соолукту сактоонун эң маанилүү жолу эмнеде?

1. Толук камдуу уйку (кеминде 8 саат).

Уйку учурунда мээ нейрон байланыштарын калыбына келтирет, иммунитетти бекемдейт, гормондорду жөнгө салат, эс тутумду жана эмоцияларды иштетет.

Эгер адам күнү бою чарчаган көрүнсө, бул анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн аз экендигинен кабар берет, ошентип ал кийинки күнгө дагы алсыз бойдон калат.

Ошондуктан, адам иш күнүн туура пландашы керек: жумуштагы иштерди, жолугушууларды, документтерди, келишимдерди, отчетторду — бүт жумушту үйгө алып келбеш керек. Ал эми үйдөгү көйгөйдү жумушка алып барбаш керек.

Иш менен эс алуунун ортосундагы балансты билүү — бул жашоонун тең салмагын сактоонун ачкычы.

2. Кай жерде жана качан кандай ролду ойноо керектигин түшүнүү маанилүү

• жумушта — жоопкер кызматкер, кесиптеш, жетекчи же насаатчы;
• үйдө — сүйүү толгон эне, камкор кыз, ишенимдүү дос же эже.

Эгер адам ушулардын баарын түшүнүп, өз мүмкүнчүлүктөрүн туура бөлүштүрө билсе, ички тынчтыгын сактап, өзүнө жана айланасына көптөгөн пайдалуу нерселерди тартуулай алат!

Эң башкысы — максатыңа ишеним менен бар, жана төмөнкүлөрдү унутпа:
• жумуштагы, үйдөгү же башка жердеги бактылуулук — сенин колуңда!
• Ал эми бактылуулук — бул сенин ой жүгүртүүңдүн жана аң-сезимдүү чечимдериңдин натыйжасы.

Өзүңдү сакта!

Leave a Reply

Your email address will not be published.