Сөөк, муун ооруларынын а-алуу

Партага кантип туура отуруу керек: туура келбетти калыптандырабыз

965

Мектептин алгачкы күндөрүнөн тартып бала убактысынын көбүн отуруу менен өткөрөт. Мектепте сабак учурунда партада отурса, үйдө болсо тапшырма аткарып жатканда жазуу столунда отурат.

Партада же жазуу столунда отурган баланын салмагы бел омурткасына күч келтирет. Бул баланын чарчоосуна себеп болот, ошондой эле сколиозго алып келиши мүмкүн.

Сколиозго тулку бойду туура эмес алып жүрүү, баланын партада туура эмес отурушу, сумканы дайыма бир ийинде көтөрүп жүрүүсү түрткү берет.

Сколиоз деген эмне?

Сколиоз – бул омуртка тутумунун кыйшайышы менен мүнөздөлгөн оору. Омуртка тутуму бир капталын карай (сколиоз), алдыга (лордоз), артка (кифоз) кыйшайышы мүмкүн.

 Мындай көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн балага, ата-энеге жана мугалимге негизги эрежелер сунушталат.

Бала эмнени билүүгө жана жасоого тийиш?

  • Тизелер бүгүлүп, тик бурчтукту түзүүгө;
  • Моюн түз кармалып, алдыга сунулбашы жана ылдый эңкейбеши керек;
  • Чыканактар толугу менен үстөлдүн бетинде болууга;
  • Бел менен жамбаш 90 градусту түзүүгө;
  • Бут жерге коюлуп же таман тегиз жатууга;
  • Тулку бой түз кармалып, далы отургучтун жөлөнгүчүнө тийип турууга тийиш.

Ата-эне эмнени билүүгө жана жасоого тийиш?

  • Баланын жумуш ордун уюштурууга;
  • Бала жазуу столунда канча убакыт өткөрө тургандыгына жана ал кандай абалда отургандыгына байкоо жүргүзүүгө;
  • Сабак аткаруу үчүн ыңгайлуу, баланын боюна жана денесинин пропорцияларына дал келген эмеректерди тандоого;
  • Бала чоңойгон сайын эмеректер өзгөрүп турууга тийиш.

Мугалим эмнени билүүгө жана көз салып турууга тийиш?

  • Окуучуга белинин жабыркабашына, капталга же алдыга эңкейип отурушуна ыңгайлуу болууга;
  •  Окуучунун бели түз болуп,  ошол эле учурда отургучтун жөлөнгүчүнө жөлөнө турган болушу керек. Отургуч эч убакта жумшак эмес, катуу болууга;
  • Окуучунун көзүнөн китепке чейинки аралык 30-35 сантиметрди түзүүгө;
  • Ар бир сабактан кийин окуучу тыныгуу кылууга, партадан турууга жана кыймыл-аракет жасоого тийиш.

Leave a Reply

Your email address will not be published.