COVID 19

QAZ VAC вакцинасын иштеп чыккан казакстандык кесиптештер менен жолугушуу болуп өттү

205

2021-жылдын 28-июлунда Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 25000 доза QAZ VAC вакцинасы келди.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунда QAZ VAC вакцинасын иштеп чыгуучулардын тобу менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга вирустук инфекциялар менен күрөшүү илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева жана башка адистер катышты.
Жолугушууда Казакстан Республикасынын “Биологиялык коопсуздук проблемаларынын илимий изилдөө институтунун” директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор Эргали Абдураимов QAZ VAC вакцинасынын изилдөө этаптары жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
«Биздин изилдөөлөр боюнча вакцина 90% эффективдүү болгон. Казакстанда калкка эмдөө 2021 -жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө 300 миңден ашуун адам вакцинаны алышты, алардын арасында эч кандай терс таасирлери катталган жок », – деди Ергали Абдураимов

Leave a Reply

Your email address will not be published.